Кытайда 2017-жылы ИДПнын өсүүсү рекорддук деңгээлде жайлайт деп күтүлүүдө

Курултайга Кытай парламентинин үч миңге чукул депутаты катышууда. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Бүткүл кытайлык Эл өкүлдөр жыйынынын бешинчи курултайы Бээжинде жекшембиде башталды. Курултайга Кытай парламентинин үч миңге чукул депутаты катышууда.

Кытайда 2017-жылы ички дүң өнүмдүн өсүүсү 6,5 пайыздык деңгээлде күтүлүп, соңку 25 жыл ичиндеги эң начар көрсөткүч катары эсептелүүдө.

Мындай божомол КЭРдин 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планында көрсөтүлгөн.

"ИДП болжолу 6,5 пайызга өсөт, деген менен биз практикада мындан жакшыраак көрсөтүкчкө аракет кылабыз",-деп айтылат Кытайдагы эл өкүлдөр жыйынын жылдык курултайынын ачылышында жасалган өнүгүү жана реформа боюнча комитетинин докладында.

Расмий божомолдорго таянсак, 2017-жылы инфляция 3 пайызды түзөт, шаар жериндеги жумушсуздуктун көрсөткүчү 4,5 пайыз. Ал эми өлкөнүн бюджетинин таңкыстыгы 2,38 трлн юань (болжолу 346 млрд доллар) же ИДПнын 3 пайызын түзөт деп күтүлүүдө.

Бүткүл кытайлык Эл өкүлдөр жыйынынын бешинчи курултайы Бээжинде жекшембиде башталды. Бул өлкөдөгү эң жогорку мыйзам чыгаруу органы эсептелет. Курултайга Кытай парламентинин үч миңге чукул депутаты катышууда. Жыйын 15-мартка чейин уланат.

Курултайдын ачылышында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча баяндаманы Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян жасады. Күн тартибинде бир катар жогорку кызматтагы жетекчилердин баяндамаларын угуу каралган.

Жыйындын алдында Бүткүл кытайлык Эл өкүлдөр жыйынынын өкүлү Фу Ин Кытайдын аскердик бюджети бул жылы 7 пайызга көбөйтүлүп, ИДПнын 3 пайызын түзөрүн билдирди. Анын айтымында мындай чечим башка өлкөгө каршы туруу үчүн эмес, мамлекеттик коопсуздукту сактоо маселесинен улам кабыл алынды.

Кытай аскердик бюджети боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки эле экинчи орунда турат. 2015-жылы сентябрда КЭР төрагасы Си Цзиньпин 2017-жылдын соңуна чейин Кытай куралдуу күчтөрдүн санын 300 миң кишиге кыскарта турганын билдирген. Бирок буга карабастан Кытай армиясы саны боюнча дүйнөдөгү эң чоң армия эсептелет. Аскер күчтөрүнүн саны 2 миллион киши деп көрсөтүлгөн.

Тектеш темалар