Түркияда чек арага кулаган сириялык учкучту табышты

МиГ-23 аскер учагы советтик өндүрүштөн чыгарылган. Сүрөттүн автордук укугу KONSTANTIN MACHULSKY/TASS
Image caption МиГ-23 аскер учагы советтик өндүрүштөн чыгарылган.

Түркиялык куткаруучулар Сириянын аба-күчтөрүнө таандык болгон МиГ-23 аскер учагынын учкучун табышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Учак Түркиянын түштүгүндөгү Сирия менен чек арадагы Хатай провинциясынын аймагына кулап түшкөн.

NTV телеканалы учкуч ооруканага жеткирилгенин маалымдады. Haberturk жарадар учкучту кырсык болгон аймактан 500 метр алыстыктагы жерден табышканын жазды. Учакты ал жалгыз башкарып бараткан деп айтылууда. Буга чейин кыйроого кабылган аскер учагынын учкучу катапульта жасоого үлгүргөнү белгилүү болгон эле.

Сирия өкмөтүнө каршы согушуп жаткан топтордун бири "Ахрар аш-Шам" өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына бул аскер учагы атып түшүрүлдү деген тасманы жарыялады. Топтун өкүлү Ахмед Караали "Анадолу" мамлекеттик агентигине билдиргендей, аскер учагы Идлиб провинциясында топтун турумдарына чабуул жасап жаткан учурда атып түшүрүлдү. Түрк бийликтери болсо учак начар аба-ырайына байланыштуу кырсыкка учурашы мүмкүн экенин билдирди.

Тектеш темалар