Малайзия Түндүк Корея элчисин персона нон-грата жарыялады

Элчи Кан Чхоль КЭДР лидеринин агасынын өлүмүнөн кийин коомчулуктун алдына чыгып бир да жолу сүйлөгөн жок. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Элчи Кан Чхоль КЭДР лидеринин агасынын өлүмүнөн кийин коомчулуктун алдына чыгып бир да жолу сүйлөгөн жок.

Малайзия Куала-Лумпурда Ким Чен Ирдин бир тууган агасынын өлүмү тууралуу маалыматтар белгилүү болгондой кийин, КЭДР элчиси Кан Чхолду 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды.

Элчи "Малайзиянын иликтөөлөрү саясатташып кетти, буга ишенбейбиз" деп билдирген эле. Пхеньян Ким Чон Нам зомбулук менен өлтүрүлдү дегенди четке кагууда.

Түндүк кореялык дипломаттын билдирүүсү Куала-Лумпурда ачууланган пикирлерге себеп болду. Малайзиянын Тышкы иштер министри Анифа Аман КЭДР элчисинен расмий кечирим суроону талап кылды. Бирок ал кечирим суроодон баш тартты.

Түндүк Корея лидеринин бир тууган агасы Ким Чон Нам мындан үч жума мурун өлтүрүлгөн. Малайзиянын полициясы ал согуштук эсептелген VX деп белгилүү болгон химикаттан уукканын билдирген. VX уу затына 1993-жылы химиялык куралдар боюнча конвенция аркылуу тыюу салынган. Бул аны өндүрүүгө жана колдонууга болбойт дегендик.

Бирок малайзиялык расмийлер мунун артында КЭДР турат деген билдирүүлөрдү тастыктаган эмес. Mындай айыптоолор башынан эле айтылып келүүдө.

Интернетке тарап кеткен тасмада ага кол салгандар эки кыз болгон. Бирөөсү Ким Чон Намды алагды кылып, экинчиси ууландырылган жоолукту анын жүзүнө ыргытып жиберген. Андан соң Ким Чон Нам аэропоттун күзөтчүлөрүнө келип кайрылганы тартылып калган. Ага дарыгерлерди чакырышкан, бирок ооруканага барткан жолдо каза тапкан.

Тергөөчүлөр эки кызды тез эле таап, камакка алышты. Шаршембиде Малайзиянын соту шектүү катары кармалган эки кыздын айыбын угузду. Эгерде киши өлтүрүү боюнча күнөөсү далилденсе, 25 жаштагы Индонезия жараны Сити Айше жана 28 жаштагы Вьетнам жараны Доан Тхи Хуон өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Тергөөдө кыздарды бири тамашалуу телешоу үчүн ойноп берүүгө макул болгонун, уу зат экенин билбегенин айткан.

Бул окуяга шектүү катары кармалгандардын дагы бир түндүк кореялык Ри Чен Чолго жетиштүү далилдер болбогондуктан сот аны бошотту. Бирок ал миграция боюнча мыйзамдарды бузганы үчүн Түндүк Кореяга депортациялоо чечими кабыл алынды. Чен Чол Малайзия аймагында үч жылдан бери жашап келген. Бул өлкө аймагында иштөөгө берилген уруксат кагазынын мөөнөтү ушул жылдын 6-февралында бүткөн экен.

Маркум Ким Чон Нам менен КЭДР лидери Ким Чен Ын аталаш бир туугандар. Башында Ким Чен Ирдин тун уулу Түндүк Кореянын лидерлигине негизги мураскерлердин бири болчу. Бирок Ким Чон Нам 2001-жылы жасалма паспорт менен Японияга учуп кетүүгө аракет кылгандан кийин атасы экөөнүн ортосунда араздашуу болгон.

Жыйынтыгында мураскер Ким Чен Ын болуп калды. Ал атасы каза тапкан 2011-жылдан бери Түндүк Кореяны жетектейт.

Акыркы жылдарда Ким Чен Нам өз өлкөсүнө барган эмес. Кабарларда айтылгандай, ал өзүнүн көп убактысын Кытайдын Макао аймагында өткөргөн.

Түндүк Корея бийлиги бул өлүмгө катыштыгы болгон деген айыптоолорду четке кагып келүүдө. Малайзия Түндүк Корея менен достук кызматташтыктагы өлкөлөрдүн бири болчу. Бирок бул окуядан кийин Малайзия Пхеньяндагы элчисин чакыртып алды.

Тектеш темалар