Шварценеггер менен Трамп айтыша кетти

Республикачыл эки партиялаш акыркы убактарда тил табыша албай келүүдө. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Республикачыл эки партиялаш акыркы убактарда тил табыша албай келүүдө.

"The Celebrity Apprentice" теле шоусунун рейтинги боюнча маселе бул жолу да шоунун мурдагы алып баруучусу Дональд Трамп менен азыркы жүзү Арнольд Шварценеггердин бири-бирин чымчылап, кайым айтышуусуна себеп болду.

Президент "Твиттердеги" баракчасына актерду бул телепрограммадан кууп жиберишиптир деп жазса, актер ага мыскылдуу жооп узатты.

"Арнольд Шварценеггер бул программадан өз эрки менен кетип жатпаптыр, аны начар рейтинг үчүн кууп жатышыптыр. Белгилүү шоунун аянычтуу бүтүшү",-деп жазган Трамп "Твиттер" баракчасына.

"Сен өзүңө тамаша жаза турган жаңы авторду жана фактчекерди ( fact checker - деген англис сөзүнөн, маалыматтын тактыгын текшере турган адам) жалдап алууну ойлонушуң керек",-деп жооп узатты актер жана Калифорниянын мурдагы губернатору.

Бул эки белгилүү инсандын биринчи жолу кайым айтышуусу эмес. Бир ай мурун Президент Трамп Ак үйдөгү салтанаттуу тамактануу учурунда актерду теле-шоунун рейтингин түшүрүп жиберди деп айыптап сүйлөгөн. Ал келген конокторду "Арнольд үчүн сыйынып койгула" деп айткан.

Буга жооп кылып Шварценеггер мамлекет башчысына ордуларын алмаштырууну сураган: "Эгер сен рейтинг боюнча адис болсоң, анда телекөрсөтүүгө кайтып кел. А мен болсо, элдер мурдагыдай тынч укташы үчүн сенин кызматыңды аркалайын",-деген эле.

The Celebrity Apprentice телешоусунда белгилүү инсандар катышат. Алар кандайдыр бир боорукердик жана кайрымдуулук фонддору үчүн мүмкүн болушунча көп каражат топтошу керек.

Декабрда Трамп телекөрсөтүүгө жаңы алып баруучу келген 15-сезонун көрүүгө таптакыр көңүлү чаппаганын жазган.

Ооба, теориялык жактан алганда сандар бул шоунун популярдуулугу төмөндөп баратканын көрсөтөт. Айталы, 2004-жылы январда шоунун бир эпизодун 18,5 млн киши көргөн болсо, Шварценеггер дебют жасаган январда телекөрсөтүүнү 4 млн чамалуу киши көргөн экен. Деген менен көп жылдардан кийин көрүүчүлөрдүн программага болгон кызыгуусу мурдагыдай болбой калары турган иш да.

Трамп бул программаны 2008-жылдан 2015-жылга чейин алып барды. Өткөн жылы Трамп президенттик шайлоо алдында мексикалык мигранттарга байланыштуу маселени түз эфирден айтып чыкканда телеканал аны менен түзгөн келишимин токтоткон эле. Ошондон бери теле-шоу эфирден чыкпай калган.

Тектеш темалар