Трамп миграция боюнча жаңы мыйзамга кол койду

Январь соңунда кабыл алынган жарлык боюнча өлкөнүн ичинде да, сыртында да нааразылыктар көп болду. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Январь соңунда кабыл алынган жарлык боюнча өлкөнүн ичинде да, сыртында да нааразылыктар көп болду.

АКШ Президенти Дональд Трамп алты мусулман өлкөсүнүн - Иран, Йемен, Ливия, Сирия, Сомали жана Судан жарандарынын өлкөгө келүүсүнө 90 күнгө чейин тыюу салган жарлыкка кол койду.

Ошондой эле качкындарды кабыл алуу программасы 120 күнгө токтотулду. Жаңы жарлыкта Сириялык качкындардын келүүсүнө тыюу салуу көрсөтүлгөн эмес. Жарлык 16-марттан тарта күчүнө кирет. Ага чейин аэропорттордо жаралган башаламандык бир аз болсо да тескелет деп күтүлүүдө.

Миграция боюнча Трамптын буга чейинки жарлыгын федералдык сот Баш мыйзамга каршы келет деп жокко чыгарган эле. Январь соңунда кабыл алынган жарлык боюнча өлкөнүн ичинде да, сыртында да нааразылыктар көп болду. АКШда туруктуу жашаганга укугу бар кишилердин да өлкөгө кире албай калган учурлары катталган.

Жаңы жарлык мурункудан эмнеси менен айырмаланат?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Трамптын жарлыгы америкалык мусулмандардын да нааразылыгын жараткан.

Мурдагыдай эле алты өлкөнүн - Иран, Сомали, Сирия, Судан, Ливия жана Йемен жарандары 90 күндүк тыюу салууга кабылат. Бирок мурунку жарлыкта көрсөтүлгөн Ирак тизмеден өчүрүлгөн. Ак үйдүн өкүлү бул өлкөнүн өкмөтү тарабынан виза алууга ниеттенген жарандар катуу текшерүүгө алынып, АКШ менен маалымат алмашып турат деп билдирген.

Жаңы жарлык боюнча Мамлекеттик департамент тарабынан уруксат берилген качкындар өлкөгө кире алат деп көрсөтүлгөн. Сириялык качкындарга тыюу салуу бул жолу алып салынган.

Тыюу салынган өлкөлөрдүн жарандарында "жашыл карта" (АКШда туруктуу жашаганга укугу бар) болсо, алар дагы өлкөгө кире алышат.

Президенттик администрациянын түшүндүрмөсү кандай?

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Расмийлер басма сөз жыйынынын жүрүшүндө суроолорго жооп беришкен эмес.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, Башкы прокурор Жефф Сешнс жана Ички коопсуздук боюнча министр Жон Келли жаңы жарлык боюнча биргелешкен басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Тиллерсон жаңы жарлык «радикалдуу исламчыл террорчулардын кандайдыр бир коркунучтарын» алдын алууга багытталганына токтолду.

Жеффа Сешнс Федералдык чалгындоо бюросунун маалыматына таянып, буга чейин өлкөгө качкын катары кирген 300 киши террордук ишмердүүлүгү боюнча шектелип, тергөөгө кабылганын мисал тартты.

Сешнс тизмеде көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн үчөө терроризмдин демөөрчүлөрү деп билдирүү жасады. Ал эми калган үч өлкө өз аймактарында "Аль-Каида" же өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топторду көзөмөлдөй албай калгандар деди.

Жон Келли АКШнын миграциялык системасынан пайдаланып, зыянын тийгизип жаткандарга мындан ары чыдай албайбыз деп билдирүү жасады. Расмийлер басма сөз жыйынынын жүрүшүндө суроолорго жооп беришкен эмес.

Тектеш темалар