Украина менен Орусиянын жаңжалы эл аралык сотко жетти

"Бүгүн мен дүйнөлүк соттун алдында турам жана сиздерден коргоону өтүнөм»,-деп баштады өз сөзүн украиналык делегациянын жетектеп келген Елена Зеркаль. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Украиналык делегациянын жетектеп келген Елена Зеркаль.

Бириккен улуттар уюмунун Эл аралык сотунда биринчи жолу бир мамлекетти экинчиси терроризмди колдоого алган деп күнөөлөгөн иш каралууда.

"Бүгүн мен дүйнөлүк соттун алдында турам жана сиздерден коргоону өтүнөм»,-деп баштады өз сөзүн украиналык делегациянын жетектеп келген Елена Зеркаль.

Донбасстагы өздөрүн түзүм кылып жарыялап алган «элдик республикаларга» курал-жарак кайдан келип жатканы боюнча Киевдин күмөнү жок деди ал судьяларга.

Украина кырдаалдын мындан ары курчуп, өөрчүп кетишине жол бербеш үчүн Эл аралык соттон тез аранын ичинде чара көрүүнү өтүндү.

Украина жаңжалдын жүрүшүндө 10 миң жаранын жоготконун белгилеп, Орусия тарабынан бузулуган эки эл аралык конвенция боюнча доомат койду. Алардын биринчиси, терроризмди каржылоого каршы күрөшүү, экинчиси, рассалык кодулоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык конвенциялар.

Маданий мурастарды коргоо

Сүрөттүн автордук укугу AP

Январь айында Украина Эл аралык сотко Орусияны террордук актылар жана адам укуктарынын бузулушу боюнча айыптаган 45 барактан турган арызын жолдогон.

Елена Зеркаль Москва адам укугун бузууда советтик ыкманы колдонуп жатат деп айтты. Крымда жашаган этникалык украиндердин маданий мурасын коргоо үчүн Эл аралык соттун юридикалык кийгилишүүсу зарыл болуп турат деди ал.

Орусия 2014-жылы мартта аскердик көзөмөлү астында өткөн референдум аркылуу Крымды аннексиялап алган. Анын легитимдүүлүгүн Украина жана бир катар БУУга мүчө болгон өлкөлөр тааныган эмес. Жарым аралдагы жаңжалдан улам Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизген.

Орусия өз кезегинде Крымда жашаган этникалык орустарды кодулоодон сактап калуу зарылдыгы болгонун айткан. Москва Украина чыгышындагы куралдуу жаңжалга жана Malaysia Airlines учагынын кыйроосуна эч кандай катыштыгы жок экенин айтып келет.

Бул сот жараянындагы дагы бир маанилүү жагдай, орус тараптын сотко катышып жатканы. Адатта бул сыяктуу эл аралык соттошуларга орусиялык расмийлер маани бербейт.

MH17 каттамында каза тапкандардын жакындары да сотко байкоо салууда

Гаагада башталган сот жүрүшүнө байкоо салып тургандар арасында кырсыкка кабылган Boeing-737 учагында каза тапкан 298 жүргүнчүнүн жакындары да бар. Амстердамдан Куала-Лумпурду көздөй сапар алган учак Орусияга таандык ракеталык курал менен Украина чыгышында орусиячыл жикчилдер тарабынан атып түшүрүлгөн.

Бул сот жараяны Украинадагы тынчтыкты калыбына келтире алабы?

Украина чыгышында дүрт алган жаңжалга толук үч жыл болду. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн тез арада чечим кабыл алуу зарылдыгы бар. Судьялар кандайдыр бир убактылуу чараларды кабыл алуу зарылбы же жокпу деген чечимге келерден мурун бир нече күн тараптардын сөзүн угат.

Киев, эгерде кандайдыр бир чаралар кабыл алынса, ал «Украинада террордук актыларды жасап жаткан мыйзамсыз куралдуу уюшмаларды колдоону тез арада токтотуу боюнча» болушу керек деп каалайт. Соттук териштирүүнүн өзү бир нече жылдарга созулушу мүмкүн.

Эл аралык соттун чечими акыркы чечим деп чыгарылат, бирок аны аткарууга мажбурлай турган эч кандай мүмкүнчүлүктөр жок.

Украин тарап жаңжал туңгуюкка кептелгенин, орус-украин чек арасынан курал жана акчанын агымы мурадгыдай эле өтүп жатканы, маселени чечүүгө дипломатиялык жолдордун да калбай калганын ырастайт деп айтып, сотту тез чечим кабыл алууга чакырды.

Тектеш темалар