АКШ Түштүк Кореяга ракетага каршы колдонулган курал берди

THAAD (Terminal High Altitude Area Defense) системасы Сүрөттүн автордук укугу AFP

Америкалык аскер жетекчилери Түштүк Кореяга ракетага каршы колдонулган THAAD системасы жеткирилгенин билдирди. Бул билдирүү Түндүк Корея төрт баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөндөн бир суткадан кийин айтылды.

THAAD (Terminal High Altitude Area Defense) системасы баллистикалык жана башка ракеталарды бийиктен кармай алат.Түштүк Кореянын аймагына бул системаны жайгаштыруу боюнча чечим өткөн жылдын июнь айында кабыл алынган. Андан бери эмне болгону белгисиз бойдон калган эле.

АКШнын Тынчокеан командачылыгы мындай чечим Түндүк Корея өзөктүк куралдарды сыноону күчөткөндөн кийин кабыл алынды деп белгиледи.

АКШнын бул чечимине Кытай каршылык билдирди. Алар бул система Кытайдын аба мейкиндигиндигин кеңири аралыкта көзөмөлдөгөнгө жөндөмдүү деп кооптонууда.

Ошондой эле Москванын дагы нааразылыгы айтылды. Тышкы иштер министрлиги атайын билдирүү жасады. Кайрылууда мындай аракет Вашингтон өзү талкуулаганды жакшы көргөн глобалдуу жана стратегиялык стабилдүүлүккө тескери таасирин тийгизери айтылган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption THAAD системасы баллистикалык ракетаны жакынкы жана орточо радиустан кармай алат жана 150 км бийиктиктен жок кылат.

THAAD системасы баллистикалык ракетаны жакынкы жана орточо радиустан кармай алат жана 150 км бийиктиктен жок кылат.

Түндүк Корея дүйшөмбүдөгү төрт баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөнүн Япониядагы америкалык базаларгы сокку уруу машыгуусу катары түшүндүрдү.

КЭДР расмий агенттиктери ракеталар коео берилген учурду өлкө лидери Ким Чен Ын өзү көзөмөлдөп олтурганын маалымдашты.

Эл аралык коомчулукта Түндүк Кореянын аракети сынга кабылды. АКШ менен Япония БУУнун Коопсуздук кеңешине чогулуу чакырыгы менен чыкты. Бириккен улуттар уюму Пхеньянды өзөктүк жана ракеталык куралдарды сыноого тыюу салган.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Япон деңизине түшкөнгө чейин, коео берилген ракеталардын үчөөсү болжолу миң чакырымдай аралыктан учуп келгенин айтты.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги ракеталардын баары Кытай менен чек арага жакын Тончхан провинциясындагы полигондон коео берилип, деңизге түштү деп ырастайт.

КЭДР соңку жолу 12-февралда ракеталарын сыноодон өткөргөн. Ким Чен Ын 1-январдагы теле кайрылуусунда, Пхеньян континент аралык баллистикалык ракета жасоонун соңку баскычына келип калды деп айткан. Өз сөзүндө өлкө лидери, "КЭДРди Чыгыштагы аскердик өлкө" деп атаган.

Тектеш темалар