АКШ аскердик машыгуу өткөрбөө боюнча Кытайдын сунушун четке какты

2016-жылдын мартындагы АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен машыгуулары учурунда. Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption 2016-жылдын мартындагы АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен машыгуулары.

Кытайдын Пхеньянды баллистикалык жана өзөктүк куралдарын сыноосун токтотуу жана АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен машыгууларын өткөрбөө чакырыгын Вашингтон четке какты.

АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Марк Тонер, азыркы учуруда бул идея жарамсыз, кеп эки башка аскердик ишмердүүлүк тууралуу жүрүүдө деп айтты. "Бул алма менен апельсинди салыштыргандай эле»,-деп белгиледи ал.

Пентагон дагы ушундай эле позицияда. «Түндүк Корея өзүнүн келишимдердеги милдеттенмелерин бир нече ирет бузганы менен Түштүк Кореяны коргоо үчүн көрүлүп жаткан аракеттерди салыштырып болбойт",-деп билдирүү жасады Пентагон өкүлү Гэри Росс.

Шаршембиде Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Түндүк Кореяны ядролук жана ракеталык сыноолорун токтотууга, ал эми АКШ жана Түштүк Кореяны биргелешкен аскердик машыгууларын өткөрбөөгө чакырган.

Ван И эгерде тараптар эрегишүүдөн баш тартпаса, Корей жарым аралындагы бул кырдаалдын арты жакшылык менен бүтпөйт, бүлгүнгө алып келет деп эскертти. Ошондуктан кырдаалды жайгаруунун биринчи кадамы, эки Корея тең аскердик операцияларын токтотушу керек деди Ван И.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Түндүк Кореянын телеканалдары баллистикалык ракета сыноосун көрсөттү.

Дүйшөмбүдө Түндүк Корея бир эле учурда төрт баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрдү. Муну Япониядагы америкалык базаларгы сокку уруу машыгуусу катары түшүндүргөн.

Эл аралык коомчулукта Түндүк Кореянын аракети сынга кабылды. АКШ менен Япония БУУнун Коопсуздук кеңешине чогулуу чакырыгы менен чыкты. Бириккен улуттар уюму Пхеньянды өзөктүк жана ракеталык куралдарды сыноого тыюу салган.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Япон деңизине түшкөнгө чейин, коео берилген ракеталардын үчөөсү болжолу миң чакырымдай аралыктан учуп келгенин айтты. АКШ Президенти Дональд Трамп чөлкөм "коркунучтун жаңы деңгээлине" чыкты деп билдирди.

Бул окуянын эртеси Америкалык аскер жетекчилери Түштүк Кореяга ракетага каршы колдонулган THAAD системасы жеткирилгенин билдирди. Өткөн жылы эле макулдашуулар айтылганда АКШнын чечимине Кытай каршылык билдирип чыккан. Алар бул система Кытайдын аба мейкиндигиндигин кеңири аралыкта көзөмөлдөгөнгө жөндөмдүү деп кооптонууда. Ошондой эле Москванын дагы нааразылыгы айтылды. Тышкы иштер министрлиги атайын билдирүү жасады. Кайрылууда мындай аракет Вашингтон өзү талкуулаганды жакшы көргөн глобалдуу жана стратегиялык стабилдүүлүккө тескери таасирин тийгизери айтылган.

БУУнун Түндүк Корея боюнча жыйыны бүгүн өтөт деп күтүлүп жатат. КЭДРге жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн.

Тектеш темалар