Борбордук чалгындоо кызматы Wikileaks сайтын айыптады

Борбордук чалгындоо кызматы Сүрөттүн автордук укугу AP

АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы Wikileaks сайтын киберкуралдар боюнча жарыялаган маалыматы үчүн айыптады. Бул маалыматтардын жарыяланышы америкалыктардын коопсуздугун коркунучка кептейт деди чалгын кызматы.

"АКШны террорчулардан жана башка душмандардан коргогон атайын кызматтын мүмкүнчүлүгүнө зыянын тийгизүүгө багытталган Wikileaks сайтындагы ар кандай эле маалыматтарга америка коомчулугу катуу тынчсызданышы керек",-деди Борбордук чалгындоо кызматынын өкүлү Хезер Фриц Хорниак.

Бирок ал шардана кылынган документтердин жасалма же так экени боюнча түшүндүрмө берген жок.

Шейшембиде Wikileaks сайты болжолу Борбордук чалгындоо кызматынын хакердик ыкмаларын делген миңдеген документтерди сайтына жайгаштырган. Авторлор ырастагандай, документтерде компьютер, смартфон вирустары, тыңшоочу каржатка айланып кеткен «акылдуу» телевизорлор тууралуу сөз болот.

Федералдык иликтөө бюросу менен Борбордук чалгындоо кызматы жашыруун маалыматтардын чыгып кетиши боюнча биргелешкен иликтөө баштады деп жазат жергиликтүү басылмалар.

Жарыяланган документтерде чалгын кызматынын компьютердин Windows, Android, iOS, OSX жана Linux операциялык системасын, ошондой эле интернет-роутерлеринин вирустары бар экени көрсөтүлгөн.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Wikileaks негиздөөчүсү Жулиан Ассанж 2012-жылдан бери Лондондогу Эквадор элчилигинде жашырынып жүрөт.

Чалгындоо кызматынын аракеттери америкалык жарандарга каршы багытталган эмес деди расмий өкүл. Бирок маалыматтын чыгып кетиши зыянын тийгизип, башкаларга курал болуп бериши мүкүн экенине токтолду.

Wikileaks жарыялаган документтерин Борбордук чалгын кызматы пландаган хакердик ишмердүүлүгүнүн биринчи сериясы деп атаган.

Ошондой эле сайтта, бул маалыматтар Американын өкмөтүндө мурда иштеп кеткен хакерлер менен учурдагы келишим менен иштеген кызматкерлер ортосунда көзөмөлү жок эле айланып жүргөнү айтылат.

Көпчүлүк эксперттер Wikileaks жарыялаган материалдарды жасалма документтер деп эсептөөдө.