БАЭда жаш түгөйлөр никесиз мамиле түзгөн деп кармалды

Эмлин Калвервел менен Ирина Ногай Араб Эмираттарында иштеп жүрүп таанышкан. Сүрөттүн автордук укугу CULVERWELL FAMILY
Image caption Эмлин Калвервел менен Ирина Ногай Араб Эмираттарында иштеп жүрүп таанышкан.

Түштүк Африка республикасынын жараны жана анын украиналык колуктусу Бириккен Араб Эмираттарында никесиз сексуалдык мамиле түзгөн деп кармалды.

Жаш жигиттин апасы Линда Калвервел "алардын болгон айыбы бири-бирине болгон сүйүүсү" деп айтып, аларды бошотууну суранып жатат.

29 жаштагы Эмлин Калвервел жана 27 жаштагы Ирина Ногай январь айында эле кармалышкан экен. Эми гана алардын камакка алынганы ачыкка чыгып олтурат. Ирина Ногай дарыгерлерге кайрылганда кош бойлуу экени белгилүү болгон. Ошондон кийин экөөнү тең кармашкан.

Түгөйлөр никесиз мамиле курган деп айыпталууда. Мындай мамиле Бириккен Араб Эмираттарында мыйзамсыз эсептелет. Түштүк Африка республикасынын Тышкы иштер министрлиги түгөйлөргө жардам бере албастыгын, анткени алар Бириккен Араб Эмираттарынын мыйзамын бузганын айткан.

Түштүк Африка бийлиги түгөйлөрдү юридикалык жардам сурап кайрылууга кеңеш берген. Бириккен Араб Эмираттары бул окуя боюнча комментарий берген жок.

Кармалып турган Эмлин Калвервел Бириккен Араб Эмираттарында беш жылдан бери иштеп келген. Аларга азырынча расмий айып угузула элек. Эгер аларды сот күнөлүү деп тапса, бир нече жылга эркинен ажыратылып, түрмөгө камалат.