Кабулдагы госпиталга кол салуудан курман болгондор отуздан ашты

Image caption Коргоо министрлиги госпиталдагы кырдаалды толук көзөмөлгө алганын билдирүүдө

Афганистандын борбору Кабул шаарындагы аскердик госпиталга согушкерлердин дарыгер болуп кийинип алып кол салуусунан 30 ашык адам курман болгонун, элүү чактысы жарадар экенин өлкөнүн коргоо министрлиги билдирди.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, азыркы учурда коопсуздук кызматы госпиталдагы кырдаалды өзүнүн толук көзөмөлүнө алды.

400 адамга эсептелген госпитал АКШнын элчилигине жакын жерде жайгашкан. Атышуу бир топ саатка созулду. Госпиталдын үстүндөгү спецназдын жоокерлери кол салгандардын төртөөн атып өлтүрүштү.

Госпиталга кол салгандар дарыгердин киймин кийип алып келген куралчан адамдар экенин мурдакы кабарларда айткан элек. Ок атуучу куралдар жана гранаталар менен куралданган согушкерлер госпиталдын дарбазасынын жанынан жардыруу жасап, андан кийин дарыгерлерге жана оорулууларга ок атышкан.

Бул кол салууга жоопкерчиликти көп өлкөлөрдө тыюу салынган “Ислам мамлекети” өзүнө алды. Ошол эле учурда террордук уюм катары таанылып, Кыргызстанда, Россияда тыюу салынган “Талибан” кыймылы бул кол салууга эч тиешеси жок экенин билдирип чыкты.

Афганистандын Президенти Ашраф Гани госпиталга кол салууну 'адамзаттык бардык нарк-дөөлөттү тебелеп-тепсөө' деп атады.

“Бардык диндерде ооруканалар кол тийгис иммунитке ээ, а бул кол салуу бүтүн Афганистанга болуп отурат”,-деди Ашраф Гани.

Госпиталга чабуул жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат тогузда башталган. Госпиталдын качып кетүүгө үлгүргөн кызматкеринин айтымында, ал дарыгерлердей болуп ак кийинип алган адамдын колуна Калашников автоматын кармап жүргөнүн көргөн. Ал дарыгерлер менен оорулуулардын баарын көздөй ок атып баштаган экен.

Телекадрларга караганда, адамдар атылган октон жашыныш үчүн жогорку кабаттагы терезелерден суурулуп качып, аман калуунун ар кандай аргасын көрүшкөн. (КС)