БУУнун өкүлү Түштүк Судандын башкаруучуларын сынга алды

Image caption 2011-жылы Түштүк Судан көз карандысыздык алгандан кийин өлкөдө жарандык согуш башталып, ошол себептүү экономикалык кырдаал жылдан жылга оорлоп баратат.

БУУнун Түштүк Судандагы атайын өкүлү Девид Шира бул өлкөдөгү саясий лидерлерди өз ара ыйкы-тыйкыдан башы чыкпай, элди ойлобой жатат деп сынга алууда. Ал Би-Би-Сиге сүйлөгөн сөзүндө, өлкөдөгү кырдаалдын олуттуу экенин баса белгиледи.

'Бул абдан кабатыр кыла турган иш. Мен бул жакта болгон убакта бир дагы саясий лидер Түштүк Судандагы адамдардын оор абалына тынчсызданып койгон жок. Аларды башка нерсе көп кызыктырып жатат. Мен үчүн бул өлкөдөгү он бир миллион адамдын маселеси турат, анын тең жарымы азык-түлүк жардамына муктаж. Дарылоо мекемелеринин сексен пайызын эл аралык коомчулук камсыздап жатат. Суверенитет алгандан кийин алар элге кызмат кылышат деп ойлогомун. Бирок, тилекке каршы, андай болгон жок'.

БУУ Түштүк Судандын бир катар райондорунда ачкачылык башталганын жарыя кылган эле. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, эгерде гуманитардык жардам жетпесе өлкөдө 100 миң адам ачкачылыктан кырылып калышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Түштүк Судандын жарым миллионго жакын адамы ачкачылык коркунучунда турат деп айтылган. Анын ичинен ЮНИСЕФ 250 миңи балдар деп билдирген. Жалпысынан өлкө боюнча Түштүк Судандын калкынын 40% же беш миллионго чукул адам жетиштүү тамактанбай жабыр тартууда.

2011-жылы Түштүк Судан көз карандысыздык алгандан кийин өлкөдө жарандык согуш башталып, ошол себептүү экономикалык кырдаал жылдан жылга оорлоп баратат.