Сеул: импичментке каршы акцияларда эки киши каза тапты

импичментке каршы акциялар Сүрөттүн автордук укугу AP

Сеулдун полициясы өлкө Президенти Пак Кын Хеге жарыяланган импичментке каршы акциялар учурунда эки киши каза тапканын билдирди.

Каза тапкандардын бири 72 жаштагы киши башынан жаракат алган деп жазды маалымат агенттиктери. Экинчи киши тууралуу азырынча маалыматтар жок.

Каршылык акцияларынын жүрүшүндө бир нече журналист жабыр тартканы да кабарланды.

Түштүк Кореянын конституциялык соту Президент Пак Кын Хеге жарыяланган импичментти колдоду. Импичмент үчүн сегиз судья добуш берген.

Ушундан кийин Пак Кын Хенин миңдеген тарапташтары көчөгө чыгышты. Алардын айрымдар абдан агресивдүү жүрүп, соттун имаратын курчап турган полиция менен мушташа кетти жана полиция унааларына кол салышты.

Сот Пак Кын Хени жакын курбусу жана кеңешчиси Чхве Сун Силдин мамлекеттик саясатка таасир этүүсүнө жол берип, коррупциялык иштерин калкалаган деп тапты. Бул чечимден кийин Пак Кын Хе бийликтен четтетилип, ага коррупция боюнча кылмыш иши козголот.

Алдыдагы 60 күндүн ичинде Түштүк Кореяда кезексиз президенттик шайлоо өтүшү керек. Өткөн жылдын декабрь айында парламент Пак Кын Хеге импичмент жарыялаган. Бирок формалдуу түрдө президенттик кызматта калган.