Берлинде иш таштоого байланыштуу 600 чукул аба каттамы үзгүлтүккө учурады

Берлинде иш таштоого байланыштуу 600 чукул аба каттамы үзгүлтүккө учурады Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Берлиндеги эки аэропорттун кызматкерлеринин иш таштоосу 13-марттагы 660 аба каттамынын үзгүлтүккө учурашына алып келди. Иш таштоо шейшемби күнү кечке чейин уланат деп күтүлүп жатат.

"Берлиндеги Шёнефельд аэропортунда 195 каттам, Тегель аэропортундагы 465 каттам өзгөртүлдү",-деди журналисттерге берген маалыматында аэропорттун сурап-билүү кызматынын өкүлү.

Соңку апталарда Берлиндеги аэропорттордун кызматкерлери бир нче ирет иш таштоого барышкан. Жума күнү ушундай эле кырдаалдан улам 700гө чукул каттамдар учпай калды.

Иш таштоонун негизги себеби эмгек акысына байланыштуу деп айтылып жатат. Кесиптик кошуундар аэропорттогу жүргүнчүлөрдүн агымын көзөмөлдөгөн кызматкерлердин жана жүк жүктөп иштегендердин айлыгын көтөрүүнү талап кылууда. Берлин аэропортторунда мындай кзыматкерлердин саны эки миңге чамалайт.

Алар айлыкты саатына 12 еврого көтөрүүнү талап кылып жатат. Азыр аларга саатына 11 евродон төлөнөт экен.

Тектеш темалар