Сирияга согушка аттанган кыргыз жарандары азайды

Image caption Күч органдары буга чейин Кыргызстандан Сирияга жихадчылардын катарына кошулуп, согушуп жаткандардын саны жалпысынан беш жүздөн көп деп жатышкан.

Күч органдарынын маалыматына караганда, 2016-жыл Сирияга кетип жаткан кыргыз жарандарынын агымы тартылып калганын көрсөттү, бул жылы кан күйүп жаткан өлкөгө жөнөгөн кыргыз жарандары жыйырма адамдын гана тегерегинде болду.

"Бирок муну биздин түшүндүрүү иштеринин натыйжасы болду дебейбиз. Себеби геосаясий кырдаал өзгөрдү. Россия бомбалады",-деди Би-Би-Сиге ИИМдин онунчу башкармасынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев.

Күч органдары буга чейин Кыргызстандан Сирияга жихадчылардын катарына кошулуп, согушуп жаткандардын саны жалпысынан беш жүздөн көп деп жатышкан. Эми Сирияда жана Иракта "Ислам мамлекети" алсырап, чегинип бара жаткан чакта анын катарында согушуп жүргөн кыргыз жарандарынын айрымдары Мекенине кайтып келүүнү каалашы мүмкүнбү?

"Биздин анализдер көрсөткөндөй, кеткендердин баары идеологиялык көз караш менен кеткендер. Бул фанатиктер. Алар кайтыш үчүн эмес, ошол жакта калыш үчүн кеткендер"-дейт Эрлан Бакиев.

Кеткендердин 85 пайызы өзбек тектүү кыргыз жарандары болгон. Мунун себебин 2010-жылдакы өлкө түштүгүндө болгон кандуу окуялардын кесепети катары карагандар бар. Бирок жүргүзүлгөн атайын изилдөөлөр Сирияга баргандардын басымдуу бөлүгүнүн мындай жолду тандап алышынын башкы себеби диний көз караш же ишеним менен байланыштуу экенин көрсөткөн.

Атайын кызматтар февраль айында эле Ош шаарынан кыргыз жарандарын Сирияга диверсиялык-террордук максатта согушка азгырып жиберип жаткан кылмыштуу каналдын бети ачылганын билдиришкен.

Башкы прокуратура өз кезегинде өлкө ичинде "Ислам мамлекети" атыккан экстремисттик күчтөргө жан тартып, тымызын жардам берген бир катар экстремисттик жана террордук топтор бар экенин эскертип келатат.

Ошондуктан мамлекеттик органдар диний радикализмдин алдын алуу үчүн өлкөнүн ичинде ар кандай иш-аракеттерды көрүп жатканын байма-бай билдирүүдө. Анын ичинде мектептерге дин таануу сабактарын киргизүү, диний окуу жайлардын программасына светтик сабактарды киргизүү, казыларды, имамдарды текшерүүдөн өткөрүү, чет өлкөдөгү диний окуу жайларга жиберүүнү көзөмөлгө алуу сыяктуу иштерди атаса болот.