Түркия Нидерландия менен дипломатиялык байланыштарын токтотот

түркиялык вице-премьер Нуман Куртулмуш Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Түркия Нидерландия менен жогорку деңгээлдеги бардык дипломатиялык байланыштарын токтотууга мажбур деп билдирди түркиялык вице-премьер Нуман Куртулмуш. Ошондой эле Түркия Евробиримдик менен миграция тууралуу келишимди кайра карап чыгарын жарыялады.

"Алар бизге кандай мамиле кылса, биз да ошондой кылабыз. Биз нидерландиялык дипломаттардын Түркияга конушуна же биздин аба мейкиндигин пайдаланышына уруксат бербейбиз. Кырдаалды курчуткандар аны жайгаруу үчүн жоопкерчиликтүү»,-деди Куртулмуш.

Ишембиде Нидерландияга барган Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуна, көп өтпөй Үй-бүлө маселеси жана социалдык саясат боюнча министр Фатма Бетул Саян Каяга өлкөгө кирүүгө уруксат берилген жок. Алар Роттердамда жашаган түрк жарандары менен жолугушуу үчүн бараткан.

Түрк саясатчылары Нидерландияда жашаган түрк жарандарына 16-апрелде өтө турган референдум боюнча үгүт жүргүзмөк. Референдумда Баш мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталып, мамлекеттин башкаруу формасын парламенттиктен президенттикке өзгөртүү демилгеленген.

Мунун алдында Австрия, Германия жана Швейцария бийлиги түрк расмийлеринин ушундай жолугушууларына тыюу салган. Ушундан кийин түрк лидери Эрдоган Нидерландияны "банан республикасы" деп какшыктап, эл аралык уюмдардан Нидерландияга санкция киргизүүнү талап кылды.

«Нацизм жок болду деп айткан элем, бирок мен адашыптырмын. Батышта нацизм өлбөптүр",-деген Эрдоган.

Германия канцлери Ангела Меркель бул айтылгандарды катуу сынга алып, Нидерландияга тилектештик билдирди. Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте дагы Эрдогандын айткандарын орой, жол берилгис сөз катары сындады.

Дүйшөмбүдө Нидерландия бийлиги эки өлкөнүн мамилеси чыңалып турган кырдаалда жарандарын сак жүрүүгө эскертти.

Тектеш темалар