Трамп бир жылдык айлыгын кайрымдуулукка жумшайт

АКШ Президенти Дональд Трамп Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШ Президенти Дональд Трамп бир жылдык эмгек акысын кайрымдуулукка жумшайт деп билдирди Ак үйдүн өкүлү Шон Спайсер. Америка лидеринин бир жылдык айылыгы 400 миң долларды түзөт.

Спайсердин айтымында, Трамп ал каражаттар кандай максатта пайдаланылары тууралуу билгиси келет. Ошондуктан бул жерде адатта ал кескин сындап келген журналисттер ага жардам беришкен.

Ѳзүнүн шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Трамп айлык албай турганын айтып келгени бар. Буга чейин болсо аны бизнесте көп жылдап жүрсө дагы, бир да жолу кайрымдуулукка акча жумшабаганы тууралуу сындар айтылып келди.

Forbes журналынын 2016-жылдагы рейтинги боюнча Дональд Трамптын каржылык абалы 3,7 миллиард доллар деп бааланган.

АКШнын мурдагы Президенттеринин ичинен Герберт Гувер жана Жон Кеннеди өз айлыктарын кайрымдуулук иштерине жумшаган.

Тектеш темалар