Нью-Йоркто бороондон улам өзгөчө кырдаал абалы киргизилди

Нью-Йоркто катуу суук болуп, муз тоңду. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Нью-Йоркто катуу суук болуп, муз тоңду.

Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарында күтүлүп жаткан бороонго байланыштуу өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.

Мунун алдында Президент Дональда Трамп менен Германия канцлери Ангела Меркелдин сүйлөшүүсү жылдырылган.

АКШнын ири шаарында мектептер жабылып, аба каттамдары убактылуу токтотулду. Ѳзгөчө кырдаал абалын Нью-Йорктун мэри Билл Де Блазио жарыялады. БУУнун штаб-квартирасы дагы бороонго байланыштуу жабылат. Ал жерде аялдар укугу боюнча конференция өтүп жаткан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Манхеттенде кар тазалоочу техникалар даярдыкта турат.

АКШда шаршембиде 6500 чамалуу аба каттамдар убактылуу токтотулат деп билдирди FlightAware. Маалыматтарга караганда, бул аэропорттордун көпчүлүгү өлкөнүн чыгышындагы Нью-Йорк, Вашингтон, Бостон, Балтимор жана Филадельфия шаарларында жайгашкан.

Дональд Трамптын алдында биринчи жолу Президент катары табигый кырсыктын кеспеттерин алдыналуу маселеси турат. Трамп өлкөнүн Ички коопсуздук министри жана Чукул кырдаалдар боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси менен жолукканын билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу JOHN KUCKO/EVN
Image caption Айрым аймактарда абанын температурасы кескин төмөндөдү.

"Баардыгы толук даярдыкта. Жакшылыктан үмүт кылалы, айрым кишилер айтып жаткандай баары жаман болбойт»,-деди Трамп күтүлүп жаткан бороондун алдында.

Тектеш темалар