Нидерландиядагы шайлоо: улуттук аң-сезимдин сыноосу

Бирок негизги атаандаштык эки гана партиянын ортосунда жүрөт. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бирок негизги атаандаштык эки гана партиянын ортосунда жүрөт.

Нидерландияда парламенттик шайлоо өтүүдө. Бул жолу шайлоого сыртта туруп көз салып, кызыгуу менен карагандар көп болууда. Эксперттер добуш берүү жарандардын улуттук аң-сезимин сыноого коюп жана өлкөдө популизм чыңдалып жатабы дегенди таразалайт деп баа берди.

Парламенттеги 150 мандат үчүн 28 партия ат салышууда. Бирок негизги атаандаштык эки гана партиянын ортосунда жүрөт. Негизги атаандаштык жараткан учурдагы өкмөт башчы Марк Рюттенин "Эркиндик жана демократия үчүн" элдик партиясы жана исламга жана миграцияга каршы чыгып жаткан Герт Вилдерстин "Азаттык" партиясы.

Рютте өз сөзүндө добуш берүү шайлоочуларга "популизмдин келесоо көрүнүшүн" жеңүүгө мүмкүндүк берет деп айтты. Вилдерс болсо Нидерландияны Евробиримдиктин курамынан чыгарып, куранга тыюу салып, мечиттерди жабам деген пландарын айтууда.

Шайлоо алдындагы сурмажылоолорго караганда, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Вилдерстин партиясы алдыда келген. Бирок айырмачылык көп деле болгон эмес.

Шайлоо Түркия менен дипломатиялык араздашууга туш келди. Анкара менен Амстердамдын мамилеси кескин начарлады.

Буга ишембиде Роттердамда жашаган түрк жарандары менен жолугушуу барган Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуна, көп өтпөй Үй-бүлө маселеси жана социалдык саясат боюнча министр Фатма Бетул Саян Каяга Нидерландияга кирүүгө уруксат берилбегени себеп болду.

Түрк саясатчылары Нидерландияда жашаган түрк жарандарына 16-апрелде өтө турган референдум боюнча үгүт жүргүзмөк. Референдумда Баш мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталып, мамлекеттин башкаруу формасын парламенттиктен президенттикке өзгөртүү демилгеленген.

Нидерландия бийлиги түрк министрлерине уруксат бербегенин коопсуздук маселесине байланыштуу деп түшүндүрдү. Буга нааразы болгон түрк тарап Нидерландияны "фашизмдин борбору" атады.

Жекшембиде Түркиянын Нидерландияга катуу эскертүү берген. Ал эми кечээ күнү Нидерландия менен жогорку деңгээлдеги бардык дипломатиялык байланыштарын токтотууга мажбур экенин билдирди.

Тектеш темалар