Голландия: оңчулдар жеңилгени менен шайлоо тыянактарына ыраазы

Герт Вилдерс парламенттик шайлоодо анын партиясы учурдагы өкмөт башчы Марк Рюттенин партиясына утулуп калганын моюнуна алды. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Герт Вилдерс парламенттик шайлоодо анын партиясы учурдагы өкмөт башчы Марк Рюттенин партиясына утулуп калганын моюнуна алды.

Голландиялык саясатчы Герт Вилдерс парламенттик шайлоодо анын партиясы учурдагы өкмөт башчы Марк Рюттенин партиясына утулуп калганын моюнуна алды.

Шайлоонун жеңип чыккан Рютте, Голландия «зыяндуу популизмге" каршы добуш берди деп айтты.

Алдынала маалыматтарга караганда Рютте жетектеген Эркиндик жана демократия үчүн элдик партиясы парламенттеги 150 орундун 31ине ээ болду. Ал эми Вилдерстин «Азаттык» партиясы 19 мандат алган.

Рюттенин жеңишин Германия жана Франция кубануу менен кабыл алды.

АКШдагы Дональд Трамптын ийгилигине шыктанган Вилдерс, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө миграцияга, исламга каршы лозунгдар менен чыккан. Шайлоо алдында бардык партиялар Вилдерс менен коалицияга биригүүдөн баш тарткан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Рюттенин жеңишин Германия жана Франция кубануу менен кабыл алды.

Ѳлкөнүн парламентине мурдатан эле бир нече партия өтүп келет. Соңку жүз жылдыкта бир да жолу абсолюттук көпчүлүктү түзгөн фракция болгон эмес. Ошондуктан коалициялык өкмөт куралып келүүдө.

Нидерландиядагы шайлоону улай апрелде Францияда президенттик шайлоо, сентябрда Германияда парламенттик шайлоо өтөт. Ошондуктан, байкоочулар бул шайлоону Европадагы маанайды сыноодон өткөрөт деп баа берип жатышкан.

Тектеш темалар