Алепподогу мечитке жасалган чабуулдан 40 киши набыт кетти

Тирүү калгандардын айрымдарын урандылардын алдынан сууруп чыгышты. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Тирүү калгандарды урандылардын алдынан сууруп чыгышты.

Алеппо провинциясындагы Аль-Жина аймагындагы мечитке бомба чабуулу жасалып, ондогон кишилер жаракат алды.

Жайкын тургундар арасындагы жоготуулар тууралуу Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбор кабарлады. Муну аймакта куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан ыктыярчылар дагы ырастоодо.

"Кайсыл өлкөгө таандык экени белгисиз аскер учактары Алеппо провинциясындагы мечитке чабуул жасаган. 42 киши набыт кеткен, негизинен жайкын тургундар»,- деди Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбордун жетекчиси Рами Абдель Рахман.

Рахман кошумчалагандай жүзгө чукул адам жаркат алган. Тирүү калгандардын айрымдарын урандылардын алдынан сууруп чыгышты. Чабуул ким тараптан жасалганы белгисиз болуп турат.

Аль-Жинанын сириялык көтөрүлүшчүлөр кармап турушат. Бул калктуу конуш Алепподон 20 чакырымдай алыстыкта, батыш тарабында жайгашкан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Чабуул ким тараптан жасалганы белгисиз болуп турат.

22-декабрда Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппону толук көзөмөлүнө алганын расмий жарыялаган. Бул шаардын чыгыш бөлүгүн көтөрүлүшчүлөр дээрлик төрт жыл боюу кармап турушту.

Алеппо өкмөттүк күчтөрдүн карамагына өткөндөн кийин Human Rights Watch уюмунун укук коргоочулары шаарда химиялык курал колдонулган деп айтып чыккан.

Тектеш темалар