Түркия эмне үчүн Европаны коркутууда?

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Сүрөттүн автордук укугу EPA

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Нидерландиядагы шайлоо тыянактары боюнча комментарий берип жатып, Европаны жакында жаңы "ыйык согуш" күтүп турат деп коркутту.

"Алар мурун жүздөгөн жылдар согушуп келген. Алар ар кандай ишенимди карманышкандыктан, бири-бирин талкалап келишкен. Алар мындан сабак алган жана Европа Биримдигин түзгөн. Эми муну да алар талкалаганга өттү. Европаны каран түн күтүп турат»,-деп эскертти Чавушоглу шайлоочулар менен жолугушуу учурунда.

Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган Европа сотунун хиджаб боюнча чыгарган чечимин сынга алды. Сот жумуш берген компаниялар жагдайына карап, хиджаб менен келген кызматкерлерге тыюу сала алат деп чечим чыгарган.

"Уят! Силердин европалык принциптериңердин, баалуулук жана акыйкатуулугуңардын кереги жок…Силер крест (христиандык) менен жарымайды (ислам) биринчи кагыштыргансыңар!»,-деп билдирди Эрдоган.

Сүрөттүн автордук укугу AP

Бул билдирүүнү конституциялык референдумду колдоочулардын бир бөлүгүн өзүнө тартуу үчүн жасалган өкмөттүн аракети катары караса болот. Референдумда мамлекеттин башкаруу формасын парламенттиктен президенттикке өзгөртүү демилгеленген. Бул Европага каршы өнөктүктө негизги үч маселе бар.

Биринчиси, европалык лидерлердин Түркияга карата адам укугу, демократия жана мыйзамдуулук боюнча сын-пикир, дооматтарына жооп бериш керек. Башкача айтканда, Европада дагы демократия солгундап жатканын көрсөтүү. Буга айкын мисал, өзүнүн исламофобиясы менен белгилүү ашынган оңчул саясый партиялардын популярдуулугу өсүп жатканы. Мунун Чавушоглунун пикиринен да байкасак болот. Ал европа өлкөлөрү Түркиядагы демократияны сынга алганы менен өздөрүнүн баалуулуктары антимиграциялык, антиисламчыл маанайдын алдында калууда деген пикирин айтууда.

Экинчиден, Эрдоган менен Чавушоглу Европа тууралуу айтканда, «алар бизге каршы» деген коомдук талкууну жандандырып, өз тарапташтарынын катарын көбөйтүүгө күч үрөп жаткандай.

Үчүнчүдөн, түрк шайлоочуларына «Түркия- күчтүү мамлекет» жана Европа «Түркияны урматтоону үйрөнүшү керек» дегенди көрсөтүү керек.

Мурда бул сыяктуу аракеттер Эрдоганга өз тарапташтарын тартууга жардам берген. Ошондуктан 16-апрелде өтө турган референдумга чейин түрк саясатчыларынын батыш өлкөлөрүнө каршы билдирүүлөрү катуу жана бат-бат айтылып турмакчы.

Тектеш темалар