Сирия израилдик аскер учактарын ракета менен атты

Израилдик аскер жетекчилери бир дагы учак жабыр тарткан жок деп билдирди. Сүрөттүн автордук укугу AFP

Израилдин Аба күчтөрүнө таандык аскер учактары Сирия аймагына сокку ургандан кийин зениттик ракеталардын аткылоосуна кабылды. Израилдик аскер жетекчилери бир дагы учак жабыр тарткан жок деп билдирди. Бирок Сириянын армиясы бир аскер учагын атып түшүргөнүн айтууда.

Израиль армиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, жума күнгө оогон түнү Сирия аймагындагы бир нече бутага аскер учактары чабуул жасады. Аларга каршы ракета атылган учурда аскер учактары Израилдин аба мейкиндигине кирип кеткен эле. Ракеталардын бири израилдик абадан коргонуу системасы тарабынан жок кылынган. Калгандары бутасына тийген жок, бир дагы учак жабыр тарткан жок деп айтылат Израиль армиясынын билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда сириялык армия кабарлагандай, коргонуу системасынан атылган ракета эки учакка тийген. Аларды бири жерге кулаган деп ырастайт Дамаск. Аскер учактарынын саны төртөө болгону айтылды.

Йордандын батыш жээктериндеги израилдик конуштарда ракеталык аткылоо болгон учуруда сиреналар жаңырган. Калган ракеталардын түшкөн жери белгисиз. Израиль тарап жайкын тургундарга эч кандай коркунуч жаралган жок деп айтты.

Бул - Израиль Сирия аймагында өткөргөн операциясын моюнуна алган сейрек учурлардын бири.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү израилдик аскер учактары Сирия аймагына чабуул жасаган учурда ок чыгарган учуру да сейрек болот. Буга чейин ракета атылган учур бир нече ай мурун катталган экен.

«Франс пресс» агенттиги бул окуяны Сириядагы жаңжал башталгандан берки эки өлкө ортосундагы олуттуу окуя деп атады.

Буга чейин израилдик Аба күчтөрү Сирия аймагына абадан бир нече ирет сокку жасап, аны ливандык "Хезболла" шиит тобунун согушкерлерине ташылган курал-жарактардын жолун буу аракетин көрүп жатканы менен түшүндүргөн.

2015-жылы Дамасктын чет жакасында аба чабуулдарынан "Хезболланын" белгилүү өкүлдөрүнүн бири Самир Кантар набыт болгон. Ливандык радикалдуу шиит тобу буга израилдик Аба күчтөрүн күнөөлөгөн эле. Бирок Израиль тарап бул боюнча билдирүү жасаган эмес.

Израилдик Channel 10 телеканалы бул жолку аба соккуларынын бутасы "Хезболланын» куралдуу кербени болду деп кабарлады.

Тектеш темалар