Түндүк Кореянын кезектеги ракета сыноосу ийгиликсиз болду

Соңку учурларда Пхеньян БУУнун санкцияларын бузуп, тез-тезден ракеталык сыноолорду өткөрүп келүүдө. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Соңку учурларда Пхеньян БУУнун санкцияларын бузуп, ракеталык сыноолорду өткөрүп келүүдө.

Түндүк Кореянын кезектеги ракета сыноосун өтөрүп, бирок ийгиликсиз аяктады деп билдирди түштүк кореялык жана америкалык аскер жетекчилери.

АКШнын Тынч океан командачылыгынын маалыматына караганда, "ракета кое берилгенден кийин бир нече секунд өтпөй жарылып кеткен".

Сеул бул маалыматты тастыктап, бирок КЭДР кандай үлгүдөгү ракетасын сынаганы белгисиз болуп турганын кошумчалады.

Соңку учурларда Пхеньян БУУнун санкцияларын бузуп, тез-тезден ракеталык сыноолорду өткөрүп келүүдө.

6-мартта Түндүк Корея бир эле учурда төрт баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрдү. Муну Япониядагы америкалык базаларгы сокку уруу машыгуусу катары түшүндүргөн. Үч ракета япон жарым аралы Огадан 300-500 чакырым алыстыкка барып түшкөн.

Ушундан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Сеулага жасаган иш сапары учурунда, КЭДР мындай коркутууларын уланта берсе согуштук аракеттер да башталып кетиши мүмкүндүгүн эскерткен эле.

«Албетте, биз бул ишти согуштук жаңжалга чейин жетишин каалабайбыз. Эгерде Түндүк Корея биздин жана түштүк кореялык аскер бөлүктөрүн коркута берсе, анда анын жообу адекваттуу болот"-деген Тиллерсон.

3-февралда Пентагон жетекчиси Жеймс Мэттис Түштүк Кореядагы иш сапары учурунда, КЭДР тарабынан АКШнын союздаштарына өзөктүк кол салуу жасалса, анда анын жообу кыйраткыч мүнөздө болот деп билдирген.

АКШ Президенти Дональд Трамп инаугурациясынын алдында, Түндүк Кореяга Америка аймагына чейин жете турган өзөктүк ракета өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бербей турганын айткан эле. Ошондой эле Трамп, Кытайды Түндүк Корея боюнча маселелерди жайгарууда Вашингтонго жардам бербей жатат деп сынга алганы бар.

Түндүк Кореянын ракеталык программасы өтө жашыруун иштейт.

Тектеш темалар