Британия учактын бортуна гаджеттерди алып кирүүгө тыюу салды

Британия учактын бортуна гаджеттерди алып кирүүгө тыюу салды Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Британиянын бийлиги Түркия, Ливан, Иордания, Египет, Тунис жана Сауд Аравиясынан келген каттамдарда жүргүнчүлөргө электрондук каражаттарды учактын салонуна алып кирүүгө тыюу салган эрежени жарыялады.

Смартфондон чоң көлөмдөгү гаджеттердин бардык үлгүсүн кол жүк менен учакка алып киргенге болбойт. Британ бийлиги мындай көлөмдөгү электрондук каражаттарда, анын ичинде планшет жана плеерде жардыргыч зат катып алууга мүмкүн деп айтууда.

Мындай чектөөлөр британдык British Airways, EasyJet, Jet2.com, Monarch, Thomas Cook жана Thomson авиакомпанияларында киргизилди.

Ошондой эле бул эреже өлкөгө кирген чет элдик Turkish Airlines, Pegasus Airways, Atlas-Global Airlines, Middle East Airlines, Egyptair, Royal Jordanian, Tunis Air, Saudia авиакомпанияларына да милдеттендирилди.

Британ бийлиги кандайдыр бир чектөөлөргө абдан сак мамиле кыларын белгилеп, бирок бул жаңы эреженин коопсуздукка чоң жардамы тийет деп айтууда.

Мунун алдында АКШ ушундай эле чараларды кабыл алганы белгилүү болгон. Анда калкынын көпчүлүгүн мусуламандар түзгөн сегиз өлкөдөн келген каттамдарда электрондук каражаттарды учактын салонуна алып кирүүгө тыюу салынган.

АКШнын Ички коопсуздук боюнча министрлиги экстремисттер учакты жардыруунун жаңы ыкмаларын издеп жатканына токтолгон. Жардыргыч заттар ноутбукта, планшетте, видео камерада, электрондук жабдыктардын көпчүлүгүндө катылышы мүмкүн дейт министрлик.

Бул чаралар он аэропортто каттамдарды ишке ашырган тогуз авиакомпанияга тиешелүү деди АКШ бийлиги. Чоң көлөмдөгү электрондук каражаттарды жүк менен кошо тапшыруу керек болот Ал эми мобилдик телефондорго, смартфондорго тыюу салынган жок.

Тектеш темалар