Британ парламентинин алдында ок атылды

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Британ парламентиндеги чабуулга күбө болгон адам

Британ Парламентинин тушундагы Вестминстер көпүрөсүндө унаа менен бир нече кишини сүздүрүп, андан соң Вестминстерге кирип келип полиция офицерине бычак менен кол салган адамды коопсуздук кызматкерлер атып өлтүрдү.

Парламент имаратынын тегерегинде олуттуу коопсуздук чаралары көрүлүүдө. Лондон шаарынын полициясы билдиргендей, азырынча бул окуя "террорчул чабуул" катары каралууда.

Соңку маалыматтар боюнча Парламент тушундагы Вестминстер көпүрөсүндө унаа менен бир нече кишини атайы сүзүп кеткен адам, Парламенттин короосуна кирип келип, полиция кызматкерине бычак менен кол салган. Аны башка полиция кызматкери атып өлтүргөн.

Вестминстер көпүрөсүндө бир аял курман болуп, кеминде он адам жаракат алганы кабарланууда. Алардын абалы өтө оор экени айтылууда. Жаракат алгандардын арасында Франциядан келген үч окуучу дагы бар.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Вестминстердин картасы

Күбөлөрдүн айтуусунда чабуул болгон учурда премьер-министр Тереза Мэйдин жан-сакчылары аны брондолгон унаа менен шашылыш алып кетишти. Премьер коопсуз жайда экени тастыкталды.

Аймактагы саясатчылар жана журналисттер Парламенттин сыртынан катуу үн чыкканын "Твиттерге" жазып чыгышты.

Сүрөттүн автордук укугу DANIEL LEAL-OLIVAS/AFP/Getty Images

Би-Би-Синин кабарчысы Лора Квенсберг Парламенттеги депутаттар "үч же төрт жолу" ок чыкканын уктук деп айтканын кабарлады.

Окуяга күбө болгондордун бири Би-Би-Сиге байланышка чыкты:

"Мен унаа кырсыгы болгондой добуш уктум. Таксинин ичинде отургам, эшикти карап, бир адам кулаганын көрдүм. Андан соң дагы бир адам кулап түштү. Мен анын баарын тартып баштадым. Андан кийин дагы үч адам жерге кулады. Алардын биринен катуу кан агып жатты. Мен беш киши жабыркаган окуяга күбө болдум".

Тектеш темалар