Британ парламентинин алдындагы кол салуу: бизге эмне белгилүү

Скотленд-ярд кол салган киши жалгыз болгонун кабарлады. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Лондондун борбордук бөлүгүндөгү парламент имаратынын жанында болгон кол салуудан беш киши набыт болду, анын ичинде кол салган шектүү дагы өлтүрүлгөн. Кыркка чукул киши жаркат алган.

Парламент тушундагы Вестминстер көпүрөсүндө унаа менен бир нече кишини сүзүп, андан соң парламенттин короосунда полиция кызматкерине бычак менен кол салган киши радикалдуу исламчылар менен байланышта болушу мүмкүн деди полиция.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:40та орун алган. Унаадагы киши атайын тротуарга чыгып барып, жөө жүргүнчүлөрдү сүздүргөн. Жыйынтыгында үч киши набыт болгон. Андан соң ал унаасын Вестминстер сарайын көздөй айдап келип, куралсыз турган полиция кызматкерине бычак сайган. Полиция күзөтү жете келип, ага ок аткан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жаракат алган полиция көз жумганы белгилүү болду. Скотленд-Ярд анын ысымын атап, полицияда 15 жыл кызмат кылган 48 жаштагы Кит Палмер экенин тастыктады.

Скотленд-Ярддын террорго каршы күрөшкөн бөлүмүнүн жетекчиси Марк Роули кол салган кишинин өздүгү аныкталганын билдирди. Бирок кеңири маалымат берген жок.

Британ премьер-министри Тереза Мэй бул окуяны, үрөй учурарлык жана жийиркеничтүү кол салуу деп атады. Терактан кийин өкмөт башчы өзгөчө кырдаал боюнча өкмөттүк комитеттин чукул жыйынын чакырды. Жыйындан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып:

"Кол салуу үчүн тандалган жер кокусунан болгон эмес. Террорист биздин борбор шаардын жүрөгүнө - ар түрдүү улуттар, түрдүү ишенимдеги, түрдүү маданияттагы кишилер чогулуп, эркиндик жана демократия салтанат курган жерге сокку ургусу келген",-деди Тереза Мэй.

Сүрөттүн автордук укугу AP

Өкмөт башчынын айтымында, өлкөдөгү террордук коркунучту олутту деп атаса болот. Бул деген дагы башка жаңы терактар болушу мүмкүн дегендик.

Окуянын күбөлөрү кол салган кишини кара кийимчен, сакалчан жана 40 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндө болгон деп сүрөттөп беришүүдө. Колунда эки бычак болгон. Дарыгерлер келген учурда ал тирүү болгон. Бирок алган жараты оор болгондуктан каза тапкан.

Скотленд-Ярд кол салган киши жалгыз болгонун кабарлады. Ошол эле учурда ал өз демилгеси менен кол салууга бардыбы же анын шериктери болгонбу дегенди полиция иликтөөгө алууда.

Жаркат алгандар: полиция, окуучулар, студенттер

Бийлик жаракат алгандардын өздүгүн тактоодо. Вестминстер көпүрөсүндө дал ушул учурда франциялык окуучулар болгон. Алардын үчөө жаракат алган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Көпүрө менен бараткан үч полиция кызматкери жана төрт студент жаракат алганы белгилүү болду. Лондон убактысы боюнча болжолу 17:00 чамасында куткаруучулар Темза дарыясынан жаракат алган аялды алып чыгышты. Ал кол салуу болгон учурда, жаракат алып, сууга кулап түшкөн экен.

Лондондун "Тез жардам" кызматы 12 киши олуттуу жаракат менен ооруканага жеткирилгенин, сегиз кишиге жеринде жардам көрсөтүлгөнүн кабарлады.

Азырынча бул кол cалуунун жоопкерчилигин эч бир террордук, экстремисттик топтор өзүнө алган жок. Маалыматтарга караганда жихадчылар интернетте Британия бийлигинин электрондук каражаттарды учактын салонуна алып кирүүгө тыюу салган эрежесин активдүү талкуулашкан экен.

Британ бийлиги жихадчылардын электрондук каражаттар аркылуу учактарды жардыруу планын билип калып, тыюу салганы айтылган эле.

Тектеш темалар