Австрия өз ыктыяры менен кетүүнү чечкен мигранттарга төлөмдү көбөйттү

Соңку жылдары Европаны көздөй негизинен Жакынкы Чыгыштан жана Түндүк Африкадан мигранттар агылууда. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Соңку жылдары Европаны көздөй негизинен Жакынкы Чыгыштан жана Түндүк Африкадан мигранттар агылууда.

Австрия бийлиги өлкө аймагындагы мигранттар өз мекенине ыктыяры менен кайта турган болсо, мурдагыдан эки эсе көп каражат берилерин билдирди.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, мекенине кайтууну чечкен алгачкы миң мигрант болжолу миң доллардын айланасында каражат алары айтылган.

Ошондой эле бийлик Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келгендер үчүн транспорт каражаттарын уюштуруп берүүнү убада кылууда.

Билдирүүдө субсидия Балкан өлкөлөрүнөн келгендерге тиешеси жок экени баса белгиленген.

Австриянын Ички иштер министри Вольфганг Соботка, бул билдирүү боюнча түшүндүрмө берип жатып, 2019-жылы өлкөнү 50 миң мигрант таштап чыгып кетиши мүмкүн деп айтты.

Өткөн жылы Австрияны баш калка сурап кайрылган 10700 качкын таштап чыгып кеткен. Алардын беш миң сегиз жүзү өз эрки менен кеткен.

Тектеш темалар