Лондондогу кол салууга шектелип жети киши кармалды

Лондондун борбордук бөлүгү Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Лондондун борбордук бөлүгүндөгү кол салууга шектүү катары полиция жети кишини камакка алды.

Соңку такталган маалыматтарга караганда кол салуудан төрт киши каза тапты жана кол салган киши атып өлтүрүлдү. Каза тапкандардын бири полиция кызматкери Кит Палмер, калганы 40 жаштагы аял, 50 жаштагы эркек киши деди полиция.

Ооруканага ар кандай жаракат менен 29 киши түшкөн, алардын жетөөнүн абалы оор.

Шаршембиде Лондондун борбордук бөлүгүндө белгисиз киши унаа менен бир нече кишини сүздүрүп өтүп, кийин полицияга бычак сайган. Ал парламент имаратынын алдында полиция тарабынан атып өлтүрүлдү.

Скотленд-Ярд кабарлагандай, түн ичинде алты дарек боюнча рейд өткөрүлдү. Лондон, Бирмингем жана бир катар аймактарда иликтөө иштери уланып жатат.

Полиция шаршембидеги бул окуяны терракт катары баалаган. Азырынча кол салуунун жоопкерчилигин эч бир террордук, экстремисттик уюмдар моюнуна алган жок.

Буга чейин полиция түн ичинде Бирмингемдеги бир катар даректер боюнча рейд өткөргөнү белгилүү болгон эле. Айрым маалыматтарга караганда кол салган киши дал ушул шаардан унааны ижарага алган экен.

Тектеш темалар