Киевде орусиялык экс-депутатты атып кетишти

Киевде орусиялык экс-депутатты атып кетишти Сүрөттүн автордук укугу ANDRIY ZOIN

Киевдин борбордук бөлүгүндө Орусиянын мамлекеттик думасынын мурдагы депутаты Денис Вороненковду атып кетишти деп кабарлады шаардык полициянын жетекчиси Андрей Крищенко.

Азыркы учурда белгилүү болгон маалыматтарга караганда, ал Шевченко бульварындагы Premier Palace мейманканасынын жанында белгисиз бирөөлөр тарабынан атылган. Окуянын күбөлөрү жети жолу ок атууну угушканын айтышты.

Киевдин полициясы кол салган киши жардар абалда кармалып, азыр ооруканага түшкөнүн билдирди. Айрым маалыматтарда экс-депутат жансакчысы менен мейманканадан чыккан учурда кол салуу болгон. Жансакчысы дагы жарадар болгон, бирок кол салган адамга ок чыгарган деп айтылууда.

"Жарадар болгон жансакчы жана кол салган адам ооруканага түшүп, кайтарууга алынды",-деди Крищенко.

Вороненков 2016-жылы Мамлекеттик думага өтпөй калгандан кийин аялы менен Украинага келген. Ал бул өлкөдө туруктуу жашоого уруксат алгандан кийин, өлкөнүн мурдагы Президенти Виктор Януковичке каршы көрсөтмө берген. Ошондой эле ал Крымдын аннексияланышын айыптап, Орусияны нацисттик өлкө деп атаган эле.

Февраль ортосунда Орусия депутатты көз боёмочулук боюнча айыптап, федералдык издөө жарыялаган эле.

Тектеш темалар