Подеста: Шайлоодо Трампка Орусия жардам көрсөткөн

Жон Подеста Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Президенттик шайлоо учурунда Хиллари Клинтондун штабын башкарган Жон Подеста Би-би-си менен маегинде АКШдагы шайлоого Орусия кийгилишкени боюнча ишенимдүү пикирде экенин айтты.

Би-би-синин Newsnight деп аталган маалыматтык-аналитикалык программасында Жон Подеста, эми Москва алдыдагы Франциядагы жана Германиядагы шайлоо жүрүшүнө кийгилишүүсүн күтүүгө болот деди.

Ошондой эле Подеста Федералдык чалгын кызматын кош стандарттуулук үчүн айыптады. Добуш берүүгө жакын калган учурда Хиллари Клинтонго карата иликтөө башталганы, анын шайлоо өнөктүгүнө тескери таасир этти дейт.

Дональд Трамптын жеңиши тууралуу айтып жатып, «ага орустар бир аз жардам берди, Федаралдык чалгын кызматы да көмөк көрсөттү» деп белгиледи.

Федаралдык чалгын кызматынын жетекчиси Жеймс Коми 20-мартта АКШ конгрессиндеги угуу учурунда сөз сүйлөгөн. Анда ал Орусия АКШдагы шайлоого кийгилишкен, Трамптын командасындагы адамдар менен байланышкан деген божомолдор боюнча иликтөө жүрүп жатканын айткан эле.

Коми бул иликтөө өткөн жылдын жай айында башталганын билдирген болчу. Бирок ал учурда чалгын кызматынын жетекчиси Клинтонго байланыштуу иликтөөнү коомчулукка жарыя кылганы менен бул иликтөө боюнча үн каткан эмес.

Жон Подеста мурдагы Президент Билл Клинтондун администрациясын жетектеген. Барак Обаманын учурунда кеңешчи болгон. 2016-жылдагы президенттик шайлоо учурунда Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтондун шайлоо штабын башкарды.

Ѳткөн жылдын октябрында WikiLeaks сайты 2 миңге чукул электрондук документтерди жарыялап, арасында Хиллари Клинтон менен Жон Подестанын жазышкан каттарын да ачыкка чыгарып жиберген. Ал учурда Подеста анын каттары хакерлер тарабынан уурдалганын айтып, электрондук почтасы бузулуп, каттары ачыкка чыгып кеткенине Орусиянын катыштыгы болгонун айтып чыккан эле.

Орус бийлиги демократтардын электрондук почталары талкаланганы боюнча айыптоолорду четке кагып, эч кандай катыштыгы жок экенин жана АКШдагы президенттик шайлоого кийгилишпегенин билдирип келүүдө.

Тектеш темалар