Жанар Акаев КСДП фракциясынан чыгарылды

Жанар Акаев Сүрөттүн автордук укугу offically

Жанар Акаев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан чыгарылды.

Бул тууралуу журналисттерге түшүндүрмө берип жатып, аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов депутаттын көз карашы, позициясы КСДП менен каршы келип калганын айтты.

«Бул маселе бүгүн эле чыккан жок, жыл боюу жүрдү. Фракциянын көз карашы менен келишпесе, фракциядан чыгып кетүүсү өзүнө деле жакшы го. Ошондуктан партиянын саясый кеңеши менен фракциядан чакыртып алдык»,-деди Иса Өмүркулов. Ошондой эле КСДП лидери парламентте Жанар Акаевге кысым жасалбайт деди.

Бүгүн өлкө Президенти Алмазбек Атамбаев, 24-март революциясына арналган иш-чарада Би-Би-Си кабарчысынын Жанар Акаев боюнча суроосуна жооп берип жатып, анын мандатын эч ким тартып алалбайт, ал ыктыяры менен гана мандатын тапшыра алат деп айткан. Ошондой эле Президент: «Жанар Акаев СДПКга добуш алып бердиби же СДПК аны депутат кылдыбы келерки шайлоодо билинет»,-деп кошумчалаган эле.

Депутат «парламенттик ишмердүүлүгүмдү улантам, менин калың шайлоочуларым бар» деп айтты.

Жанар Акаев 2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен парламентке келген эле. Айрым саясый талдоочулар Акаев бийликчил эсептелген партияда турганына карабастан, өкмөттүн иш-аракеттерин сынга алып, сөз эркиндигине, оппозицияга карата көз караштарын ачык билдирип, айрым учурда бийликти сынга алганы үчүн партиясы менен көз карашы дал келбей калды деп баа берүүдө.

Тектеш темалар