Ооганстанда "Аль-Каиданын" лидерлеринин бири өлтүрүлдү

Коргоо министри Жеймс Мэттис. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Кари Ясиндин өлүмү динди жамынып, күнөөсүз кишилерди бутага алган террористтер жазадан качып кутула албастын көрсөтөт»,-деди Коргоо министри Жеймс Мэттис.

Пентагон Ооганстандын Пактика провинциясында «Аль-Каида» лидерлеринин бири Кари Ясин өлтүрүлгөнүн кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, ал ондогон жайкын тургундардын, ошондой эле эки америкалык аскердин өлүмүнө жооптуу эсептелип келген.

Бул билдирүү АКШнын Коргоо министрлигинин сайтына жарыяланды. Анда айтылгандай, Ясин 19-марттагы аба чабуулдары учурунда набыт болгон.

"Кари Ясиндин өлүмү динди жамынып, күнөөсүз кишилерди бутага алган террористтер жазадан качып кутула албастын көрсөтөт»,-деди Коргоо министри Жеймс Мэттис.

Атайын кызматтардын маалыматында Ясиндин теги пакистандык экени айтылат. Ал бир катар терактарды ишке ашырган деп күнөөлөнүп келген. Анын ичинде 2008-жылы 20-сентябрда болгон Исламабадагы жардырууну уюштурган деп айыпталган. Ал жардыруудан 54 киши каза тапкан, анын ичинде Чехиянын элчиси да бар эле. Андан сырткары 266 адам жаракат алган. Пентагондун билдирүүсүндө, бул жардыруудан эки америкалык аскер дагы каза тапкан.

Ясин 2009-жылы Лахордо болгон жардырууга да жоопкер деп айтылат расмий билдирүүдө. Анда кол салуунун бутасы Шри-Ланканын крикет командасы бараткан автобус болгон. Алты пакистандык полиция жана эки жайкын тургун каза тапкан эле. Крикет командасынын алты оюнчусу жарадар болгон.

Бир катар өлкөлөрдө "Аль-Каида" террористик уюм катары таанылган.

Тектеш темалар