Орусиядагы антикоррупциялык жүрүштөр: жүздөгөн кишилер кармалды

Орусиядагы антикоррупциялык жүрүштөр: жүздөгөн кишилер кармалды Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

26-мартта бүтүндөй Орусия аймагы боюнча санкцияланбаган жүрүштөр өттү. Коррупцияга каршы күрөшүү талабы менен чыккан жүздөгөн киши полиция тарабынан кармалды.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Бүтүндөй өлкө боюнча ондогон шаарларда өткөн акциялардын демилгечиси Коррупцияга каршы күрөшүү деп аталган фонду жетектеп жүргөн Алексей Навальный болду. Ал Москвада метро станциясынан чыккан жерде кармалды. Анын баш коргоо чарасы сотто каралат.

Сүрөттүн автордук укугу AP

Москванын өзүндө эле 500гө чукул киши кармалган. Бул 2012-жылдагы Москванын Болотно аянтындагы каршылык жүрүшүнөн кийинки массалык камакка алуулар болуп калды.

Сүрөттүн автордук укугу AP

Кармалгандар арасында жашы жетелек өспүрүмдөр да болгону айтылып жатат. Кармалган демонстранттарга мыйзамсыз акцияга чыкканы үчүн административдик айып тагылат.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Краснодар аймагында 100гө чукул киши кармалды деп жазды Yuga.ru. сайты. Бирок жергиликтүү укук коргоо органдары тушүндүрмө берген жок.

Петербургда болжолу 30-50 киши камакка алынганы айтылды. Каршылык акциялары Сибирь жана Уралга чейин жетти.

Тектеш темалар