Түштүк Кореянын прокуратурасы экс-президентти камакка алууну чечти

экс-президент Пак Кын Хе Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Түштүк Кореянын прокуратурасы өлкөнүн экс-президенти Пак Кын Хени камакка алууну чечти. Ал коррупциялык жаңжалга аралашкан деп айыпталып келүүдө.

"Айыпталып жаткан адам Президент макамы менен эбегейсиз бийликке ээ болуп туруп, компаниялардан пара алып, алардын эркиндигин жана укугун бузган»,-деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө. Бул олуттуу суроо жараткан маселе деп белгиленген.

Прокурорлор жетиштүү далилдер жыйналганын айтууда. Бирок айыпталып жаткан тарап буларды четке какты. Азырынча прокуратура экс-президентти камакка алуу боюнча сотко ордер сурап кайрылганы так айтыла элек. Сот тарабынан дагы эч кандай билдирүү жасалган жок. Япониялык Киодо агенттиги Пак Кын Хени камакка алуу боюнча өтүнүч сотко түшкөнүн кабарлап жатат.

Пак Кын Хе менен курбусу Чхве Сун Силдин тегерегиндеги жаңжал журналисттер мейманкананын жанындагы таштандыдан планшет таап алгандан кийин башталды. Ал планшетте жашыруун документтердин арасында президенттин сүйлөгөн сөздөрү жазылган. Кийин Президент бул кызматка киришкен алгачкы жылдарда курбусу менен кеңешип жүргөнүн моюнуна алган. Конституцияны бузуп, курбусуна мамлекеттик сыр документтер менен таанышууга жол бергени үчүн элден кечирим сураган.

Кийин Президенттин курбусу Чхве Сун Силь мыйзамсыз түрдө ири бизнес өкүлдөрүн өзүнө караштуу өкмөттүк эмес эки фондго миллиондогон акча которууга мажбурлаганы тууралуу кылмыш иши ачыкка чыкты. Ушул фонддордун ишмердүүлүгү боюнча иликтөөлөрдөн кийин коррупциялык жаңжал тутанды. Анын арты менен Президент Пак Кын Хеге парламент импичмент жарыялаган.

Тергөөчүлөр Президент жана курбусу Samsung компаниясынан эле 120 млн доллар алганын айтып чыккан. Аталган компаниянын жетекчиси да бул иш боюнча камакка алынган. Жалпысы болуп 30 чукул кишиге айып тагылды.

Пак Кын Хе ошондой эле бийликти сынга алган маданият ишмерлеринин «кара тизмесин» түзгөн, ага 9473 киши киргизилген деп айыптоого кабылып жатат.

10-мартта Түштүк Кореянын Конституциялык соту Президент Пак Кын Хеге жарыяланган импичментти колдогон. Муну менен Пак Кын Хе кылмыш жоопкерчилигине тартууда президенттик кол тийбестик жана иммунитетинен ажырады.

Тектеш темалар