Австралияны тропикалык циклон каптады

Австралияны тропикалык циклон каптады Сүрөттүн автордук укугу EPA

"Дебби" деп аталган тропикалык циклон Австралиянын Квинсленд штатынын жээктерине жетти. Ал саатына 263 чакырымга жеткен деңиз шамалын алып келди.

Катуу шамал Боуэн жана Эрли-Бич шаарларын кыйсыпыр кылды. Күбөлөр Боуэнде электр жарыгы өчүп калганын айтышты. Эрли-Бичтин тургундары шаарда дарактар кулап, айрым үйлөрдүн чатырлары шамалга туруштук бере албай калганын кабарлоодо.

Жээкте жайгашкан райондордон миңдеген тургундар чыгарылып кетти. Өлкөнүн метеорологиялык бюросу "Дебби" циклонун беш категориянын төртүнчү баскычында деп баалады.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Квинсленд бийлиги 102 мектепти жана 81 бала-бакчаны, эки портту жапты. Буга чейин циклон Уитсанди аралына жеткен. Катуу шамалдан аралдагы турак-жайлардын кеминде 23 миңи электр жарыгы жок калды. Өлкө бийлиги бул соңку алты жыл ичиндеги эң кубаттуу циклон болуп калганын айтууда.

Мунун алдында премьер-министр Мальколм Тернбулл жергиликтүү тургундарды турак-жайларын тез арада таштап чыгып, коопсуз жайларда башкалкалап турууга чакырган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP\getty images

Бийлик атайын кампаларды уюштуруп, ал жерлерди азык-түлүк жана күйүүчү майлар менен камсыздады. Армия куткаруу иштерине даяр турат. Дагы 2000 куткаруучу жергиликтүү тургундарга жардам көрсөтүү үчүн толук даярдыкка келтирилди. Бирок алар качан гана коопсуз абал болгондо ишин баштай турганы эскертилди. Бийлик суу каптоолор дагы болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Тектеш темалар