Орусиялык сот Арсений Яценюкту камакка алуу чечимин чыгарды

Арсений Яценюк Сүрөттүн автордук укугу SERG GLOVNY/TASS

Орусиянын Ессентуки шаардык соту Украинанын мурдагы премьер-министри Арсений Яценюкту камакка алуу чечимин чыгарды. Орусия аны адам өлтүрүү жана бандитизм боюнча айыптоодо.

"Яценюкка 2017-жылдын 21-февралында эл аралык издөө жарыялангандыктан, сотто баш коргоо чарасы каралып, аны камакка алуу боюнча чечим чыгарылды",-деп айтылат соттун маалыматында.

Яценюк айыптоолорду кескин четке какты. Ал өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына сот чечими тууралуу Орусиядагы украин элчилиги аркылуу кабардар болгонун жазды.

"Бүтүндөй сандырактык. Бирок сценарий жакшы ойлонулган. Кремль украиналык саясатчыларды куугунтукка алуу үчүн юридикалык механизмдерди издеп жатат",-деп жазды Яценюк.

Орусиялык тергөөчүлөр 1990-жылдарда Яценюк Чеченстандагы куралдуу топторго кошулуп орусиялык аскерлерге каршы согушкан деп айыптоодо.

"Тергөө маалыматына караганда, Арсений Яценюк кеминде эки жолку куралдуу кагылышууларга катышкан. 1994-жылы 31-декабрда Грозныйдагы аянтта болгон, 1995-жылы февралда ушул эле шаардагы №9 шаардык ооруканада болгон ок атышууларга катышкан. Андан сырткары 1995-жылы 7-январда Грозныйдын Октябрь районунда орусиялык армиянын туткунга түшкөн аскер кызматкерлерин кыйноого жана атууга катышкан",-деп билдирген 2015-жылы Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин орусиялык басылмага берген интервьюсунда.

Орусиянын Тергөө комитети 1995-жылы декабрда "орусиялык аскерлерди жок кылганы үчүн" Яценюк болжолу Жохар Дудаевдин "Улут намысы" деген жогорку сыйылыгын алган дейт.

Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров жаңжалдын алгачкы жылдарында атасы Ахмат Кадыров менен жикчилдер тарабында болгон. Ал 1994-1995-жылдары Яценюк согушка катышуусу мүмкүн эмес деп айткан. Ал Чеченстандагы согуш учурунда Яценюкту көрбөгөнүн билдиргени бар. Ушундай эле пикирин чеченстандык жикчил Ахмед Закаев Би-би-сиге маегинде билдирген.

Арсений Яценюк Украинанын өкмөт башчылыгынан өткөн жылдын апрель айында отставкага кеткен.

Тектеш темалар