АКШда үй-бүлө кызына Аллах деген фамилия ыйгаруу үчүн соттошууда

22 айлык кыз Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Америкалык жубайлар кызына Аллах деген фамилия ыйгарган үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүдөн баш тарткан Жорджия штатынын бийлигин сотко берди.

Штаттын Саламаттыкты сактоо министрлиги 22 айлык кыздын фамилиясын атасы же апасы алып жүрбөгөндүктөн күбөлүк берүүдөн баш тартууда.

Кыздын ата энеси Элизабет Хенди менен Билал Уолк ымыркайына ЗалиКха Грейсфул Лоррейна Аллах деген ысым ыйгарууну чечишкен.

Сүрөттүн автордук укугу Aglu
Image caption Штаттын Саламаттыкты сактоо министрлиги 22 айлык кыздын фамилиясын атасы же апасы алып жүрбөгөндүктөн күбөлүк берүүдөн баш тартууда.

Бирок штаттын мыйзамы боюнча кыз атасынын же апасынын фамилиясын алуу керек. Ошондуктан ымыркайга күбөлүк берүүдөн баш тарткан. Кыздын ата-энесинен атынан сотко Жарандардын экркиндиги аталган америкалык бирикме даттануу берген.

Кыздын атасы Atlanta Journal-Constitution басылмасына берген маегинде бул ысымдын динге эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

ЗалиКхинин үч жаштагы агасы Мастерфул Мозира Али Аллах деген ысымга ээ. Бийликтин ага эч кандай дооматы болгон эмес деп жазат Washington Post.

Штаттын бийлиги кыздын ата-энесине кат жазып, бул маселе сот аркылуу чечилерин кабардар кылган.

Тектеш темалар