Малайзиядан Ким Чон Намдын сөөгүн эч ким алып кетпей жатат

Ким Чон Нам Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ким Чон Намдын Макаодо жашаган аялы жана балдары бул окуядан кийин жашырынып кеткен.

КЭДР лидери Ким Чен Ындын бир тууган агасы маркум Ким Чон Намды сөөгү дале Малайзияда турат. Түндүк Корея бийлиги же Кимдин үй-бүлөсү сөөктү алып кетүү каалоосун билдирген жок деди Малайзиянын Саламаттыкты сактоо министри Субраманиам Сатасивам.

45 жаштагы Ким Чен Нам 13-февралда Куала-Лумпурдун аэропортунда өлтүрүлгөн. Малайзиянын полициясы ал согуштук эсептелген VX деп белгилүү болгон химикаттан уукканын аныктаган.

Буга чейин КЭДР бийлиги Кимдин сөөгүн илктөөгө алуу талабын билдирген эле. Бирок малайзиялык бийлик иликтөөнү өзү өткөргөн. Ошондон бери Түндүк Корея бийлиги үн катпай койду.

"Сөөк Куала-Лумпурдагы моргдо турат",- деди Малайзиянын Саламаттыкты сактоо министри .

Ким Чон Намдын Макаодо жашаган аялы жана балдары бул окуядан кийин жашырынып кеткен. Болжолу алар өмүрүнөн кооптонуп, из жашырып кеткендиги айтылууда.

Ким Чен Ирдин тун уулу Түндүк Кореянын лидерлигине негизги мураскерлердин бири болчу. Бирок Ким Чон Нам 2001-жылы жасалма паспорт менен Японияга учуп кетүүгө аракет кылгандан кийин атасы экөөнүн ортосунда араздашуу болгон.

Жыйынтыгында мураскер Ким Чен Ын болуп калды. Ал атасы каза тапкан 2011-жылдан бери Түндүк Кореяны жетектейт. Акыркы жылдарда Ким Чон Нам өз өлкөсүнө барган эмес. Aл өзүнүн көп убактысын Кытайдын Макао аймагында өткөргөн.

Тектеш темалар