Грузиялыктар Европага визасыз каттай алат

Грузиялыктар Европага визасыз каттай алат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

28-марттан тарта биометрикалык паспорту бар грузин жарандары Шенген зонасына кыска мөөнөткө кирип чыга алат.

Евробиримдик менен визасыз карым-катнаш кылууга Грузия көптөн бери аракет кылып келген. Мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен мындай мүмкүнчүлүк берилген Молдовадан кийинки эле экинчи өлкө болуп калды.

Биометрикалык паспорту бар грузин жарандары Европанын 30 өлкөсүндө 90 күндөн 180 күнгө чейин визасыз жүрө алат. Ошондой эле Евробиримдиктин курамына кирбеген Исландия, Лихтенштейн, Норвегия жана Швейцарияга да виазасыз карым-катнаш кыла алышат.

Визасыз карым-катнаш туристтик саякаттар үчүн, үй-бүлөлүк же жумуш менен барууга зарыл болгон кырдааларда кызмат кылмакчы. Эгерде Европада узак убакытка окуп же жумушка орношом десе виза алуу керек.

Ал эми Ирландия жана Улуу Британияга баруу үчүн сөзсүз виза талап кылынат.

Тбилиси визасыз режимди Грузиядан бөлүнүп калган Абхазия жана Түштүк Осетия тургундары да пайдаланса болорун айтты. Бирок өз алдынча көз карандысыз республика катары таанылбаган эки өлкө тең мындан баш тартарын жарыялады.

Албетте, кооптондурган жагдайлар дагы эске алынган. Маселен, грузин жараны Европага чыгып кетип, үч айдын ичинде кайрылып өлкөгө кирбесе, бул тууралуу грузин бийлиги Евробиримдикке кабарлоосу керек.

Визасыз режимдин талаптарын бузгандарга үч миң евро өлчөмүндө айып пул, беш жылга чейин Шенген зонасына кирүүгө тыюу салынат.

Тектеш темалар