ЕБ Жогорку Соту россиялык компанияларга салынган санкцияларды туура деп чечти

Image caption Соттун чечиминде "Роснефтинин" доо арызынын чоо-жайы чечмеленип көрсөтүлгөн эмес.

Европанын Жогорку Соту россиялык команиялардын кайрылуусунан кийин өзүнүн алгачкы чечимин чыгарды. Россия мамлекети ээлик кылган ири мунайзат кампаниясы 'Роснефть' британдык сотторго арыз менен кайрылып, санкциялар Евробиримдиктин ички мыйзамдарына каршы келет деп, жоюуну талап кылган.

Ушундай эле доо арыз менен сотко россиялык Сбербанк, Внешэкономбанк жана ВТБ, ошондой эле "Газпромдун" өзүнчө мунайзат боюнча компаниясы "Газпромнефть" дагы кайрылган.

"Роснефть" экономикалык санкциялардын мыйзамдуулугун талашууга байланыштуу юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча 17,7 миллион фунт-стерлингге (28,5 млн АКШ доллары) тендер жарыялаган.

Европа соту Россиянын Украинанын суверенитетин бузууга болгон аракеттерине каршы биринчи жолу киргизилген санкциялар туура болгон деп тапты. 2014-жылы Россия Крым жарым аралын аннекциялап алып, андан кийин Украинанын чыгышындагы жикчил аракеттерди колдоого алып баштаган. (КC)