Британия Евробиримдиктен чыгуунун расмий жараяндарын баштады

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Евробиримдиктен чыгуунун расмий жараяндары башталганы тууралуу катка кол койду. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Евробиримдиктен чыгуунун расмий жараяндары башталганы тууралуу катка кол койду. Ал кат расмий түрдө маалымдама катары биримдиктин төрагасы Дональд Тускка жөнөтүлөт.

Кат бүгүн Лондон убактысы боюнча 12:30да Британиянын ЕБдагы элчиси Тим Барроу тарабынан тапшырылат. Ушул учурдан тартып формалдуу түрдө биримдиктен чыгуу жараяны расмий башталды эсептелет.

Мындан кийин Тереза Мэй министрлер кабинети менен жолугушуу өткөрүп, андан соң парламентте кайрылуу жасайт.

Кечээ күнү Тереза Мэй телефон аркылуу Дональд Туск, Еврокомиссия жетекчиси Жан-Клод Юнкер жана Германия канцлери Ангела Меркель менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

29-апрелде өтө турган ЕБ лидерлеринин саммитине Британия катышпайт. Ал жыйында лидерлер Еврокомиссияга Британиянын уюмдан чыгуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мандат берет деп күтүлүүдө. Андан соң Еврокомиссия сүйлөшүүлөрдүн болжолдуу планын жарыялайт. Сүйлөшүүлөр май-июнь айларында башталат.

Мыйзамдар жана келишимдер боючна ЕБ курамынан чыгуу жараяны эки жылга чейин созулат. Тараптар өз ара келишип, андан ары да жылдырып алса болот.

Британия февраль башында ЕБдан чыгуу планын жарыялаган. Документке ылайык, Британия ЕБнын бирдиктүү рыногун таштап чыгып кетет жана соода жүргүзүү боюнча өзүнүн жаңы бажы эрежелерин киргизет. Ошондой эле өлкө Европалык соттун юрисдикциясынан чыгып, иммигранттар боюнча өзүнүн көзөмөл системасын орнотот.

Тектеш темалар