Cатылып жаткан мобилдик телефондордун ар бир бешинчиси жасалмабы?

Жасалма техникалардын негизги булагы бул -Кытай эсептелет деди уюм. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жасалма техникалардын негизги булагы бул -Кытай эсептелет деди уюм.

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму дүйнөдө сатылып жаткан мобилдик телефондордун ар бир бешинчиси жана видео оюндар үчүн консолдордун ар бир төртүнчүсү жасалма экенин айтып чыкты.

Уюм жасалма техниканы сатуу улам өөрчүп жатканын, бул кардарларга жаман таасир этип, өндүрүшчүлөрдүн да, мамлекеттин дагы чөнтөгүнө зыян болуп жатканына көңүл бурууда.

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму мындай жасалма каражаттардын сатылышы боюнча докладын жарыялады. Ага ылайык, 2013-жылдагы бажы маалыматтары иликтенип, дүйнөлүк сооданын 6,5 пайызын жасалма техникалар түзөрү көрсөтүлгөн.

Жасалма коммуникациялык техниканын жалпы көлөмүн уюм 143 млрд деп эсептейт. Мунун менен бирге жасалма каражаттардын үчтөн экиси почта аркылуу жеткирилет экен.

Уюмдун эксперттери смартфон жана башка техниккалык каражаттарга жана аксессуарларга болгон жогорку талаптан улам, аларды жасалма түрдө сунуштагандар көп болууда деген пикирде.

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму жасалама техникалар адам ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч жарата турганын эскертти. Маселен, колдонуучунун өздүк маалыматтарын алууга оңой болуп, ал кооптуу жагдайда калышы мүмкүн.

Жасалма техникалардын негизги булагы бул -Кытай эсептелет деди уюм.

Тектеш темалар