Аэропортко Криштиану Роналдунун ысымын ыйгарышат

Криштиану Роналду Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Португалиянын бийлиги Мадейра аралындагы аэропортко бул жерден чыккан белгилүү футболчу, "Реалдын" жана улуттук курама команданын чабуулчусу Криштиану Роналдунун ысымын ыйгарууну чечти.

Бул салтанат шаршембиде орун алат. Ага футболчунун өзү дагы катышат деп күтүлүп жатат. Фуншал шаарында Роналдунун колодон жасалган эстелиги бар. Ошондой эле шаарда CR7 деген бренд менен музей жана мейманкана иштейт.

Аэропортко футболчунун ысымын берүү демилгеси жергиликтүү саясатчылардын каршылыгын жаратты. Айрымдар музей менен эле мейманкананын иш алып барып жатканы жетиштүү, мунун кереги жок эле деп сынга алышууда.

Бирок бул демилгени Мадейранын бир катар тургундары көтөрүп чыгып, кол топтошкон. Аэропорт 1964-жылдын 8-июлунан тарта иштейт.

Криштиану Роналду 2016-жылы Дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) өткөргөн сынакта кайрадан эң мыкты футболчу деп табылды. Мунун менен португалдык футболчу бешинчи ирет «Алтын топтун» ээси болду.

Тектеш темалар