Түркия "Евфрат калканы" операциясын жыйынтыктады

Сириядагы түркиялык аскерлер, 2016-жылдын сентябры. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сириядагы түркиялык аскерлер, 2016-жылдын сентябры.

Түркия бийлиги Сирия түндүгүндөгү жети айга созулган "Евфрат калканы" деп аталаган аскердик операциясы ийгиликтүү соңуна чыкканын жарыялады.

Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Бинали Йылдырым Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Премьер-министр жаңы операциялар боюнча эч нерсе айткан жок. Ошондой эле коңшу өлкөнүн аймагында түркиялык аскерлер дагы канча убакытка болору айтылбады.

"Евфра калканы" операция ийгиликтүү жыйынтыкталды.Мунун артынан өтө турган калган операциялар башкача аталышта болот",-деп айтты Йылдырым.

Түркиялык аскерлер алар колдогон Сириядагы кээ бир оппозициялык топтор бир канча шаарларды өз көзөмөлүнө алганын ырастап жатышат.

Түркия аскердик операциясын өткөн жылдын 24-августунда баштаган. Радикалдуу диний топторду өз чек арасынан сүрүп салуу жана күрд топторунун чабуулун токтотуу максаты менен операция баштаган эле.

Тектеш темалар