Иванка Трамп атасынын администрациясынан иш тапты

Иванка Трамп Сүрөттүн автордук укугу AP

Дональд Трамптын кызы Иванка президенттик администрациянын кызматкери болот. Ал Президенттин кеңешчиси кызматына ээ болду.

Бул кызматка маяна төлөнбөйт. Иванка анын жумушу бейформал мүнөздө болсо дагы бардык мамлекеттик кызматкерлер карманган эрежени сактарын айтты.

Иванка атасына кеңешчи болору тууралуу маалыматтар 20-мартта эле белгилүү болгон. Анда расмийлер Президенттин улуу кызынын Ак үйдө жумушчу кабинети болорун жарыялаган эле. Маалыматта Иванка Трамп президенттик администрациядан эч кандай расмий кызмат ордуна бекилбей турганын белгилешкен.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Иванка Трамп атасынын Канада премьер-министри Жастин Трюдо менен болгон сүйлөшүүсүнө катышты.

Соңку маалымат бир топ резонанс жаратты. Америкалык басылмалар Президенттин кызында жашыруун маалыматтарды алууга мүмкүнчүлук болуп калары, анын кабинети Ак үйдүн батыш канатынан орун алганына да маани беришүүдө.

Тектеш темалар