Трамптын миграциялык чектөөсүнө убактылуу бөгөт коюлду

Президент Трамп бул жарлыкты чыгаруу себебин өлкөгө террочулардын бастырып кирүүсүн алдын алуу максатында болгону менен түшүндүргөн. Бирок анын сынчылары муну дискриминациялык чара катары мүнөздөп келүүдө. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Президент Трамп бул жарлыкты чыгаруу себебин өлкөгө террочулардын бастырып кирүүсүн алдын алуу максатында болгону менен түшүндүргөн. Бирок анын сынчылары муну дискриминациялык чара катары мүнөздөп келүүдө.

Президент Дональд Трамптын айрым мусулман өлкөлөрүнөн келген мигранттарга тыюу салган жарлыгына убактылуу бөгөт койгон Гавайдын федералдык соту өз чечимин белгисиз мөөнөткө узартты.

Соттун судьясы Деррик Уотсондун чечиминде Трамптын жарлыгын жокко чыгаруу боюнча даттануулар толук каралып бүткөнгө чейин, жарлык убактылуу иштебей турганы көрсөтүлгөн.

Сот чечиминин жүйөсү мурдагыдан өзгөргөн жок. Биринчи жолу сот жарлыкты токтотуу боюнча чечим кабыл алганда, судьялар 90-98 пайыз мусулмандар жашаган өлкөлөрдөн келгендерге тыюу салууну диний ишенимине карап дискриминациялоого барабар деп эсептешкен.

Жарлыкта алты мусулман өлкөсүнүн жарандарынын АКШга келүүсүнө 90 күнгө чейин тыюу салуу менен бирге эле, качкындарга жардам көрсөткөн федералдык программалар 120 күнгө токтой турганы белгиленген.

Соттук угуулар учурунда Трамптын администрациясынын өкүлдөрү, эч болбосо жарлыктын качкындарды кабыл алуу боюнча бөлүгүн күчүндө калтыруу өтүнүчүн келтирген. Бирок судья муну четке какты.

Трмаптын марттын башында чыгарган жаңы жарлыгы 16-марттан тарта күчүнө кириши керек эле. Бирок Деррик Уотсон жаңы жарлыктын ишке киришине бөгөт койду.

Президенттин жаңы чыгарган жарлыгында алты мусулман өлкөсүнүн - Иран, Йемен, Ливия, Сирия, Сомали жана Судан жарандарынын өлкөгө келүүсүнө 90 күнгө чейин тыюу салынган. Ошондой эле качкындарды кабыл алуу программасы 120 күнгө токтотулган.

Президент Трамп бул жарлыкты чыгаруу себебин өлкөгө террочулардын бастырып кирүүсүн алдын алуу максатында болгону менен түшүндүргөн. Бирок анын сынчылары муну дискриминациялык чара катары мүнөздөп келүүдө.

АКШнын бир канча штаттары жарлыкты толук жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. Азырынча соттук угуулардын качан болоору белгисиз.

Тектеш темалар