Samsung компаниясынын келечеги Galaxy S8

Samsung Сүрөттүн автордук укугу AFP

Samsung компаниясынын репутациясы жаңы смартфондон көз каранды болмокчу. Galaxy S8 көптөн күтүлгөн үмүттөрдү гана актабастан, эми татаал сыноолордон да өтүшү керек.

Samsung компаниясы үчүн акыркы айлар анча деле жагымдуу болгон жок. Ошондуктан компания жаңы продукциясына чоң ишеним артып турат.

Жаңы S8 смартфону Нью-Йорк жана Лондондо ажиотаж жарата алды. Бул өткөн жылы Note 7 үлгүсүндөгү телефондорго байланышкан жаңжалдан кийинки чыгып жаткан биринчи смартфон.

Galaxy Note 7 смартфондору жарылып, күйүп кеткен бир нече учурлар катталгандан кийин сатыктан алынган. Адистер мындай кемчилик жараксыз аккумуляторлордон улам болгонун айтып чыккан эле.

"Компаниянын жаңы серияны чыгарганы Galaxy Note 7 кийинки кыйроосунан реабилитация болгонго мүмкүнчүлүк берет. Бирок компания үчүн кыйынчылыктын баары артта калды деп так кесе айтууга болбойт",-деп билдирди IDC компаниясынын аналитиги Киранджит Каур.

Galaxy S бул - компаниянын эң алдыңкы модели катары каралууда. Ал Apple компаниясынын iPhone үлгүсүнө негизги атаандаш катары да сыпталып жатат.

Сатыктан алынган мурдагы продукциясынан улам интернетте негативдүү пикирлер көп айтылды. Дүйнөлүк маалымат каражаттары баш жаңылык кылып жазышты. Бирок ал компаниянын репутациясына канчалык таасирин тийгизди?

Reuters/Ipsos иликтөөсүнө караганда, жаңжалдан кийин деле АКШдагы колдонуучулар бул брендке ишенимдүү бойдон калышкан.

Деген менен Note 7 үлгүсүндөгү телефондордун өндүрүштөн токтотулушу имиштерге караганда, компания үчүн 5,3 млрд доллар чыгым алып келди.

Демек Samsung каржылык чыгым тарттыбы?

Жок. 2016-жылдын акыркы үч айында компаниянын кирешеси 50 пайызга өскөн. Бул жылы дагы компаниянын акциялары туруктуу өсүп жатат.

Бул ийгиликтерди белгилүү бир деңгээлде Galaxy S7 смартфону алып келди десе болот. Бул жылы Түштүк Кореяда аталган компания саясый коррупциялык жаңжалдын дагы чордонунда калды. Компаниянын жетекчилигин жеңилдиктерди алуу үчүн өкмөт өкүлдөрүнө пара берген деп айыпталган. Бирок компания муну кескин четке кагып келүүдө.

Бул иш боюнча компаниянын вице-президенти Ли Чже Ён камакка алынып, сурак берип жатат. Кореядагы бизнес элитасынын арасында бул кыжырдануу жаратканы менен керектөөчүлөрдө андай маанай жок.

Негизги атаандаштар

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Акыркы жылдарда Samsung эки оттун ортосунда калды. Бир жагынан iPhone менен атаандашып жатса, экинчи жагынан Кытайдан арзан смартфон чыгаргандар шаштын алды.

Алардын эч кимиси базарда ээлеген ордунан чегингиси келбейт. Айталы, iPhone 7 сатыкта лидерлик кылууда. Ошол эле учурда Apple бир топ арзан моделдерин сунуштап жатат. Маселен, iPhone 6s же iPhone SE.

Ушундан улам 2016-жылдын акыркы кварталында Apple биринчи жолу смартфондор менен камсыздоодо Samsung компаниясын басып өттү.

IDC маалыматына караганда, Apple базардын 18,3% ээ болсо, Samsung компаниясынын үлүшү 18,1%.

Ал эми кытайлык Huawei, Oppo жана Xiaomi сыяктуу өндүрүшчүлөр Android үлгүсүндөгү арзан телефондору менен базарда эч кимге ордун бербеген атаандаштык көрсөтүп келүүдө.

Кытайлык Huawei, Oppo жана Vivo смартфондорду сатуудагы рейтинги боюнча үчүнчү, төртүнчү, бешинчи орундарда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар