АКШ: Сенат Трамп-Кремль байланышын иликтөөдө

Image caption Сенаттын Чалгын комитетинин төрагасы Ричард Берр жана анын орун басары Марк Уорнер биргелешкен иликтөө башталганын жарыя кылышты.

АКШда Сенаттын чалгын комитетинин бир катар көрүнүктүү мүчөлөрү 2016-жылы болгон президенттик шайлоого Россиянын кандай таасирир болгонун иликтеп чыга тургандыктарын билдиришти. Комитет бейшембиде бул маселе боюнча иликтөөлөрдүн жүрүшү боюнча маалыматтарды угуп баштады.

Чалгын комитеттин төрагасы Ричард Берр көрсөтмө бере турган жыйырма чакты адам менен байланышканын, анын ичинде президент Трамптын күйөө баласы жана кеңешчиси Кушнер да бар экенин билдирди.

Ал ошондой эле комиссия президент Трамп менен Кремлдин ортосундагы байланыш бар же жок экенин тактоо ишинде ашыкча саясатташууга барбай турганын айтууда.

Демократтардын өкүлү, комитет төрагасынын орун басары Марк Уорнер Москванын шайлоого болгон таасирин олуттуу иликтөөгө чакырууда.

“Россиянын максаты, Путиндин максаты алсыраган, дүйнө боюнча экономикалык жагынан алсыз АКШ. Ошондуктан ким кайсы партияда болбосун бул америкалыктарды тынчсыздандырыш керек”,-деди Марк Уорнер.

Комиссиянын иликтөөсү АКШдагы шайлоого россиялык кибер активдүүлүк же башка аракеттердин таасири, бул жерде кимдердин кандай байланыштары болгону, АКШ өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча кандай чараларды көргөнүү жөнүндө суроолорго жооп бериши керек.

Ал эми Конгресстин өкүлдөр палатасындагы иликтөө аракеттери партиялык талаш-тартыштан башы чыкпай калды.

Америкалык Чалгын кызматы Россия шайлоо жарышында Трампка жардам берүү үчүн демократтардын талапкери Хиллари Клинтонду кибер чабуулдар менен жаманатты кылууга аракет кылган деп жатат. Дал ушундай айыптоолор менен АКШ өлкөдөн 35 россиялык дипломатты чыгарып жиберген эле.

Россиянын бийликтери АКШдагы шайлоонун жыйынтыгына таасир бергидей эч кандай иш кылышпаганын билдирип келатат. Трамп дагы өз кезегинде Москва менен эч кандай байланышта болбогонун айтууда.

Тема боюнча башка макалалар