АКШ эми Башар Асаддын бийликтен кетишине кызыкдар эмес

Никки Хейли Сүрөттүн автордук укугу AP

Сирия Президенти Башар Асаддын кызматттан кетүүсү бул өлкөдөгү Америка саясатынын негизги максаты эмес деп билдирди БУУдагы АКШ өкүлү.

Никки Хейли америкалыктар үчүн башкы приоритет сириялыктардын жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө мүмкүнчүлүктөрдү издөө деп айтты. Дональд Трамптын президенттиги учурунда дал ушундай саясат жүргүзүлөт дейт АКШнын БУУдагы өкүлү. Ал эми Барак Обама учурунда Асадды бийликтен кулатуу аракети болгонун кошумчалады.

Аналитиктердин баасында, бир учурлар Асаддын Сириядагы бийлиги бошоңдой түштү. Бирок азыр ал Орусия тараптан аскердик колдоо алууга жетишип, ишенимдүү көрүнүүдө.

Тектеш темалар